Акыйкатчы Ирандын элчиси менен жолукту

15/08/2022 - 12:34

15-август 2022-жылы Акыйкатчы Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Саид Харази менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Кыргыз Республикасынын аймагында адам укуктарын коргоо жаатында институт тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын өлкөдөн тышкары жерлерде коргоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харраз өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Адам укуктары боюнча департаменттин ортосундагы кызматташтыктын мүмкүн болгон механизмдерин сунуш кылды.