Акыйкатчы институтунун жана Атыр Абдрахматованын жеке өзүнүн 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы сандар менен

02/05/2023 - 11:03

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова 2022-жылы 1 056 жаранды (жеке кабыл алуу), ал эми Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов – 531 жаранды кабыл алган.

Белгилей кетүүчү нерсе, Акыйкатчы 2022-жылы жарандарды жеке кабыл алууга өзгөчө көңүл бурду.

Жеке кабыл алуулар ар жума сайын Акыйкатчынын борбордук кеңсесинде, ошондой эле өлкө аймактарын жана жабык мекемелерин кыдыруу убагында жүргүзүлгөн. 

Жалпысынан арыздардын статистикасы Акыйкатчы институнун ишинин зарылдыгын, жарандардын бузулган укуктарын аталган органдын калыбына келтире аларына карата ишенимди же квалификациялык консультация алуу мүмкүндүктөрүн көрсөтүп турат.

Акыйкатчынын атына 2022-жылы келип түшкөн кайрылуулар

Акыйкатчынын атына жарандардан 2022-жылы жазуу жүзүндө 3690 арыз, анын ичинен 2090у (56,6%) Борбордук аппаратка, калганы аймактык өкүлчүлүктөргө келип түшкөн. Көрсөтүлгөн жылы жеке кайрылган жарандардын саны 8273 адамды түзгөн. Белгилей кетүүчү жагдай, жарандардын телефондон оозеки кайрылуулары боюнча берилген кеп-кеңештер эсепке алынуусун каттоо, сапатына баа берүү тутуму азыркы учурда иштелип чыгууда.

Акыйкатчынын борбордук кеңсесине жана регионалдык өкүлчүлүктөргө 4583 кайрылгандарга оозеки кеп-кеңештер берилген. Ал эми 1130 киши Акыйкатчынын жеке кабыл алуусунда болгон. Акыйкатчынын орун басарынын жеке кабыл алуусунда 531 жаран болгон.

Талдоо көрсөткөндөй, 2022-жылы арыздардын 76.6 пайызы жарандардын жеке өздөрү тарабынан берилсе, 18.2 пайызы – почта аркылуу, 2,3  пайыз – ватсапп байланыш аркылуу, 1.9 пайыз электрондук почта аркылуу, 0.6%ы – факсималдык байланыш, 1,1%ы– Акыйкатчынын аймактардагы кыдыруу учурунда алынган.

Кайрылуулардын кароонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, арыздануучунун суроо-талап өтүнүчү 35,5%га канааттандырылган (сот отурумуна мониторинг жүргүзүү), ал эми арыз ээлеринин пайдасына чечилген маселелердин саны 7,6%ды түзгөн, 56,9% түшүндүрмөлөр берилген: аларга арызда каралган тигил же бул маселени чечүү үчүн кайсы органдарга кайрылуу керектиги маалымдалган. Арыздануучунун өтүнүчү менен Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери жерине чыгуу менен 1019 кайрылуу каралган, бул жарандардын арыздарынын жалпы санынын 27,6 пайызын түзөт.

Акыйкатчынын борбордук кеңсесиндеги коомдук кабылдамасына 2022-жылдын ичинде 2 396 адам кайрылган, бардык учурларда жарандарга керектүү түшүндүрмөлөр, укуктук кеп-кеңештер берилип, тиешелүү учурларда арыздар алынган.      

Адамдарды жеке кабыл алууда укуктук мамиленин дайындуу абалы, түрү жана мүнөзү аныкталып, укуктун бузулуу деңгээли такталып, Акыйкатчынын жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү чаралары аныкталган. Коомдук кабылдаманын ишинде каралган көптөгөн маселелерди республиканын башка мамлекеттик органдарынын жооптуу кызмат адамдарына телефон чалуу менен, жетишээрлик деңгээлде тез чечүүгө да мүмкүн болгон.

Онлайн-кабыл алуу

Акыйкатчы институтунун ишин жеткиликтүү кылуу менен элдин укугун коргоо аракеттерин ыңгайлаштыруу максатында, Акыйкатчы аймактардагы жарандардын, өзгөчө аярлуу топтордун ичинен жарандарды онлайн-кабыл алуу ыкмасын киргизген.

Себеби, көп учурларда социалдык аярлуу топтор, алыскы аймактарда жашаган жарандар укугун коргоодо борборго чейин келгенге мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Бишкекке келгенге чейин элибиз убакыттан уттуруп, укугун коргоо мөөнөттөрүн өткөрүп жиберип, нааразычылык күчөгөнүн билебиз, о. э. интернет байланышы калкыбыздын басымдуу бөлүгүнө жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен, элди онлайн- кабыл алууну киргизүү, адам укуктарынын ишке ашырылышына бардык чөйрөдө ыңгайлуу, жеткиликтүү болууга шарт түзөт.

Акыйкатчы Инстутуту тарабынан онлайн-форматта кабыл алуу тиешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин аял депуттары жана социалдык тармактар аркылуу жарыя таркатуу менен уюштурулган. Жарандарды онлайн-кабыл алуу мамлекеттик органдардын иштеринде биринчи жолу колдонууга киргизилди.

Акыйкатчы 2022-жылдын 29-апрелинде Чүй облусунун жарандарын онлайн-кабыл алууну өткөргөн. Онлайн-кабыл алууда 29 жаран Чүй облусунун Токмок, Кара-Балта, Кемин, Шопоков шаарларынан, Н. Крупская атындагы айылдан катышкан, ошондой эле Аламүдүн районунун “Панарома” конушунун 40тай тургуну жеринде чогулушуп бирдиктүү онлайн-сүйлөшүү өткөрүлгөн.

Акыйкатчы 2022-жылдын 27-майында Жалал-Абад облусунун тургундарын онлайн-кабыл алынган. Онлайн-конференцияга жалпысынан 43 жаран катышкан. Анын ичинен:

Ала-Бука районунан – 13 жаран,

Аксы районунан – 4 жаран,

Сузак районунан – 12 жаран,

Базар-Коргон районунан – 8 жаран,

Ноокен районунан – 6 жаран,

Баткен районунун Сүлүктү шаарынан –

4 жаран катышып, көйгөйлөрүн айтышкан.

Алардын маани-маңызы төмөнкүдөй:

КР жарандыгын алуу боюнча – 8;

Балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу боюнча – 7;

Алимент өндүрүү боюнча – 1;

Жөлөк пул алуу боюнча – 6;

Турак-жай маселеси боюнча – 2;

Жер маселеси боюнча – 7;

КТБ (ЦОН) кызматкерлеринин жумушу боюнча – 3;

Дин маселелери боюнча – 1;

ИИБ кызматкерлеринин үстүнөн нааразычылык – 1;

Медициналык жардам алуу боюнча – 1;

Айылдын жеңилдиктер үчүн статус алуусу боюнча – 2;

Турак-жай кооперативине алдангандардын көйгөйү боюнча – 1;

Билим берүү министрлигине кайрылуу – 1.

Көрсөтүлгөн кайрылууларга ыкчам юридикалык жардамдар көрсөтүлүү менен жооптор берилип, айрым кайрылуулар боюнча арыздар өндүрүшкө алынган.

Бош орундар  

Бүгүнкү күндө институтта бош орундар Париж принциптери боюнча эл аралык нормаларга ылайык майыптыгы барлар жана этникалык азчылыктарга эсептелген.Ошондой эле 10 бош орун Акыйкатчы институнун өкүлчүлүктөрү үчүн сакталууда, эгер Жогорку Кеңештин мындай чечими чыгарыла турган болсо өкүлчүлүктөрдү ачуу  пландалып жатат.

Командировкалар

Баардыгы болуп 2022-жылы акыйкатчы Кыргызстандын улуттук укук коргоо мекемесинин жетекчиси катары алты мамлекетке жети ирет чет элдик иш сапарга барды.

Акыйкатчы Россия, Өзбекстан, Түркия, Дания, Азербайжан, Польшада командировкада болду. Аларга бюджеттен акча коротулган жок.

Бюджеттен болгону Ташкенттен Бишкекке чейинки билеттин баасы гана төлөндү, анткени учуу чукул түрдө болуп, мурдатан пландалган эмес.

Ички командировкалар

Бюджеттин каражатынын эсебинен Ош областынын Ош, Кара-Суу, Ноокат шаарларына, Жалал-Абад областынын Сузак айылына, Ысык-Көл областына командировкалар жасалды.

Эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен: Баткен областынын баардык райондоруна, Ош областына жумушчу сапарлар ишке ашырылды.