Акыйкатчы Институтунун жамааты Жанибек Жоробаевди узатышты
11/06/2026 - 17:48
Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун жамааты Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаевди узатты.
Жанибек Жоробаев 2024-жылдын январь айында Акыйкатчынын орун басары болуп шайланган.
Ал өз арызынын негизинде кызматын тапшырып, аны Жогорку Кеңеш бошотту.
Институттун жамааты Жанибек Жоробаевдин жасаган эмгегин белгилеп, мындан аркы ишмердигине ийгилик каалашты.