Акыйкатчы Институтунун өкүлдөрү «Жергиликтүүдөн глобалдыкка чейинки лидерлер: Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү реформаларды илгерилетүү боюнча бийликтин, инклюзивдүү бизнестин жана КР коомчулугунун шериктештиги» аталыштагы улуттук диалогко катышууда
Бүгүн, 2021-жылдын 15-ноябрында КР Акыйкатчы Институтунун кызматкерлеринин бир тобу Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбековдун жетекчилигинде «Жергиликтүүдөн глобалдыкка чейинки лидерлер: Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү реформаларды илгерилетүү боюнча бийликтин, инклюзивдүү бизнестин жана КР коомчулугунун шериктештиги» аталыштагы улуттук диалогдун ишине катышууда.
Бул иш чарага КР Министрлер кабинетинин, КР Жогорку Кеңешинин, Коопсуздук кеңешинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана бир катар укук коргоо уюмдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү: Бир-Дүйнө Кыргызстан укук коргоо кыймылы коомдук бирикмеси, «Энсан Диамонд» коомдук бирикмеси, региондогу тобокелчилик аймактарында жашагандардын өкүлдөрү, тарыхчылар, жазуучулар, коомдук ишмерлер, жеке адвокаттар жана эксперттердин катышуусунда өтүүдө. Бул иш чарада КР Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков «КРда позитивдүү реформаларды илгерилетүү үчүн адам укуктары жөнүндө» аталыштагы баяндама менен чыгып сүйлөдү..
Улуттук диалогдун катышуучулары негизги багыттарда иш жүргүзүп, катышуучулардын талкуусуна төмөнкүдөй маселелер коюлган. “Жергиликтүүдөн тартып глобалдык деңгээлге чейинки тобокелчилик жана кырсыктардын факторлорун аныктоо”, “Коомдук коопсуздукту камсыздоо ички жана тышкы чакырыктар жана тобокелдиктер, алардын алуу”, “Гендердик дисбаланс: саясатка жана ресурстарга жетүүнүн маанилүүлүгү. Аялдар жана шайлоолор”, “Кызматтарга жетүүгө тең укуктуулукту камсыздоо: азык-түлүк коопсуздугу, медидинага жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүк, жергиликтүүдөн тартып глобалдык деңгээлге чейин чечим кабыл алуу процессине жарандык катышуу” маселелери талкууланды.
Ошондой эле бийлик менен жарандык коом уюмдарынын өнөктөштүгүнүн аракеттеринин планы презентацияланып, олуттуу сунуштамалар берилет.