Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого мониторинг жүргүзүшүүдө

28/05/2023 - 10:13

Бүгүн, 28-майда КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун №26 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоого мониторинг жүргүзүп жатышат.

Мониторинг жүргүзүш үчүн буга чейин Акыйкатчы институтунда кызматкерлердин штабы түзүлгөн.

Кызматкерлер шайлоо участокторундагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо салышууда.

Мониторинг Акыйкатчы институтунун аппараты тарабынан иштелип чыккан атайын анкета боюнча жүргүзүлүп жатат.

Жарандарды сурамжылоо алардын шайлоодогу укуктарынын сакталышы жөнүндөгү пикирлерин билүү максатында ишке ашырылууда.

Мониторингде кызматкерлер шайлоо учурунда майыптыгы бар жарандардын укуктарынын корголушуна өзгөчө көңүл буруп жатышат.

Мындан тышкары шайлоо участокторунун ичине мониторинг жүргүзө турган көчмө топ да уюштурулган. Саат 11.00дөгү маалымат боюнча алар эреже бузуулар катталган 11 шайлоо участокторунда болушту, эреже бузууларга байланыштуу жагдайлар жеринде чечилди.

1035-участкалык шайлоо комиссиясындагы (УШК) байкоочулардын айтымында, 15ке чукул шайлоочу эртең мененки саат 8ден 8.30га чейин монитор системасынан өтпөй добуш берүүгө кирип кетишкен. Байкоочулар аталган шайлоочулар тууралуу маалыматты көрүшкөн эмес.

УШКнын мүчөлөрүнүн маалыматына таянсак, алар дароо техникалык колдоого байланышып, системаны кайра иштетишкен, ошентсе да  бюллетендер квитанциялар боюнча берилген.

1046-участокто байкоочулардын бири добуш берип жаткандардын паспортунун жеке маалыматын сүрөткө тартып алган.

Институттун кызматкерлери аталган эреже бузууну каттоого алышты жана УШКнын мүчөлөрүн жарандардын жашыруун добуш берүү укуктарынын камсыздалышын сактоого чакырышты.

Комиссиянын төрагасы аталган байкоочуга шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузууга болбой турганын эскертти.

Ошондой эле институттун дагы бир бир тобу ЖМКдагы жана социалдык тармактардагы жарандардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу кабарларга мониторинг жүргүзүүдө.

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева шайлоодогу жарандардын укуктарын камсыздоону көзөмөлдөп жатат жана баардык одоно бузуулар боюнча аларды жеринде тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен чечиш үчүн институттун кызматкерлерине керектүү тапшырмаларды берүүдө.

Мониторингдин максаты-Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо болуп саналат.

Мониторингдин милдети- шайлоонун жүрүшү тууралуу чыныгы картинаны чагылдыруу, шайлоочулардын маалымат алуусу жана шайлоо участокторуна жеткиликтүү болуусун камсыздоо.

Мониторингдин жыйынтыгы менен зарыл болгон учурда компетенттүү органдарга жана эл аралык уюмдарга тиешелүү сунуштамалар берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, № 26 Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округуна мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүгө жана шайлоо өткөрүүгө 1 аймактык шайлоо комиссиясы жана 51 участкалык шайлоо комиссиялары иштеди.