Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

14/09/2024 - 14:50

Бүгүн, 14-сентябрда, КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты.

Тазалоо иштери "12 каминов" эс алуу комплексинен "Жаннат" мейманканасына чейинки аралыктагы жол жээгинин аралыгында жүргүзүлдү. 

Институттун кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы 4 чакырым жердеги  таштанды жыйналды. 

Акыйкатчынын аймактагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери дагы ишембиликке катышып, аларга бөлүнгөн тилкелерди тазалашты.