Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ысык-Ата районунун жана Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайларын текшеришти

15/05/2019 - 16:09

2019-жылдын 14-майында Акыйкатчынын борбордук аппаратынын жана Чүй облусунун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери атайын ишке тартылган эксперттер менен биргеликте ЕККУ программалык кеңсесининин колдоосунда иш сапары менен Ысык-Ата районунун жана Токмок шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайларына пландуу текшерүү жүргүзүштү.

Токмок шаардык убактылуу кармоочу жайды мониторингдөө учурунда, камакта отурган С.В. жана К.А. милиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине макул эместигинен жана нааразычылык билдиришип колдорун кескилешип, өз денелерине жаракат келтиришкен жарандар менен жолугушту.  Мониторинг жүргүзүүчү  укук коргоочулар тобу камактагы К.А.га тезинен медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздоого жетишип, аны “Тез жардам” кызматы ооруканага жаткырууга алып кеткен. Ошондой эле Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү катталган факт боюнча дыкат текшерүү жүргүзүү боюнча Чүй облусунун прокуратурасына кайрылган.

Камактагы С.В. менен К.А. жазган арыздары Акыйкатчы институтунун көзөмөлүнө алынды.