Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Любовь Костылеваны Жеңиш күнү менен куттукташты

08/05/2019 - 17:07

Бүгүн, 2019-жылдын 8-майында, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 1919-жылы туулган, согуш учурунда 22-Армиясына  караштуу 3-өзүнчө полкунда байланыштыруучу болуп иштеген, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Костылева Любовь Гавриловнаны Жеңиш күнү менен куттукташты.

Кажыбас кайраты  үчүн Любовь Гавриловна “Ата Мекендик согуштун экинчи даражасы”  төш белгиси, ошондой эле “Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 50-жылдыгы ”,  “Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 60-жылдыгы” юбилейлик медалдары ж.б.менен сыйланган.

Акыйкатчынын орун басары Гулнара Жамгырчиева жана аппараттын кызматкерлери Любовь Гавриловнаны Жеңишке кошкон жеке салымы үчүн чын-жүрөктөн ыраазычылык билдиришип, ага чың ден-соолук, ачык асман каалашып, Акыйкатчы институтунун атынан азык-түлүк жана  акчалай сыйлык  тапшырышты.