Акыйкатчы институтунун кызматкерлери өзгөчө кырдаалдын шартында адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн методологиясын, өзгөчөлүктөрүн үйрөнүштү

04/11/2021 - 10:41

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Европа Биримдигинин колдоосу менен жана Кыргыз Республикасында «Мыйзамдуулук үстөмдүгү 2-баскыч» программасынын алкагында, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына мониторинг жүргүзүүнүн методологиясын иштеп чыгуунун негизги принциптери”программасы боюнча эки күндүк тренингде  болушуп, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери “Өзгөчө кырдаалдын шартында адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн методологиясы, өзгөчөлүктөрү” деген теманын тегерегинде тереңдеп окушту.

Бүгүн, 2021-жылдын 4-ноябрда тренер катары Улугбек Азимов жана Гүлшайыр Абдирасулова иштешти.

Эскерте кетсек,  тренингдин максаты - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлеринин мамлекет кепилдеген (акысыз) юридикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, методологияны иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү жаатындагы потенциалын жогорулатуу.

Бул эки күндүк окуунун уюштуруучулары түшүндүргөндөй, анын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: МКЮЖ системасын жөнгө салуучу колдонуудагы жана жаңы мыйзамдарды талдоо; катышуучуларды методологияны жана мониторингди иштеп чыгуу, юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты боюнча Кыргыз Республикасындагы МКЮЖ өнүктүрүүнүн Улуттук тармагынын тажрыйбасы менен тааныштыруу; МКЮЖ системасынын мониторинг программаларын иштеп чыгуунун негизги көндүмдөрү жана адвокаттардын иши менен таанышуу болуп саналат.