Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №1 тергөө абагын мониторинг кылышты

09/09/2023 - 10:08

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жабык мекемелердеги, анын ичинде №1 тергөө абагындагы камалгандардын кармоо шарттарына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп келет.

8-сентябрда Институттун кызматкерлери  № 1 тергөө абагында болушуп, камакта кармалгандардын шарттары менен таанышты. 

№ 1 тергөө абагынын кызматкерлери камераларды, анын ичинде Равшан Жеенбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыровдор кармалып жаткан камераларды көрсөтүштү. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барган учурда аларды сотко алып кетишкендиктен камерада болушкан эмес.

Жеенбеков кармалган камерада  муздаткыч, тамак жылытуу үчүн электр плиткасы, нан бышыргыч болгон.

Камера биринчи кабатта жайгашкан, алгачкы кароодо ным жыттанган жок, косметикалык оңдоодон өткөн. Имараттын тышындагы дубалда суу агып саргарып калган изи байкалат, бирок ички дубалдар кургак.

Аталган камерда 5 адам кармалууда, бул улуттук мыйзамдарда каралган нормалардын талаптарына жооп берет. Кармалып тургандарды сурамжылоо жүргүзгөндө баардык кармалгандар мурда соттолбогон жарандар экени белгилүү болду.

№ 1 тергөө абагынын кызматкерлери берген маалыматка таянсак, Равшан Жеенбековду биринчи кабаттагы камерага бир аз мурда которушкан, анткени экинчи кабатта оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери башка камераларды дагы карап чыгышты.

Жеңиш Молдокматова жана Кубанычбек Кадыровдун камераларын кароодо кармоо шарттарынын одоно бузулган учурлары аныкталган жок.

Азимбек Бекназаров кармалган камера авариялык абалда.

Мониторингдин жыйынтыгы менен Акыйкатчы институту биринчи кабаттагы авариялык абалдагы камераларда  камакта жаткандарды көчүрүүнү талап кылууда.

Буга чейин, 25-26-августта Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, ошондой эле Акыйкатчынын орун басары Айчурок Назаралиева № 1 тергөө абагына Жогорку Кеңештин депутаттары Г. Кожокулова жана Ш. Атазов төрагалык кылышкан депутаттык комиссия менен биргеликте өткөн мониторингге катышкан.

1-тергөө абагында Ж. Молдокматов, А. Бекназаров, Р. Жеенбеков, Э. Бекчоро, Б. Асанов, К.Кадыров, М.Баязов, К.Дуйшебаев, А.Акматовдор кармалган камераларды карап чыгышкан.

Бекназаров сот жыйындарынын учурунда күзөтчүлөр ага суу бербей жатышканын айтып даттанган.

Мындан тышкары сот отурумдарын өткөрүү шарттарына, тагыраагы, бул иш боюнча өтүп жаткан фигуранттардын 27 адам экенин, мындан тышкары күзөтчүлөр жана жыйындын катышуучулары болоорун эске алганда, отурум өтүп жаткан зал чакан болуп, эл батпай калып жатканына арызданышкан. Ошондой эле айыпталуучулар соттор эмне деп айтып жатышканын укпай калышаарын белгилешкен.  

Равшан Жеенбеков анын камерасында суткасына эки ирет, үч сааттан кем эмес узак тинтүүлөр жүрүп жатканын айтып даттанган.

Алар ошондой эле камераларда тиешелүү вентиляциянын жок экенин билдиришкен. 

Мониторингдин жыйынтыгы менен КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Жогорку Соттун жана Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине адам укуктары боюнча эл аралык нормалардын, жалпы таанылган принциптердин жана өлкөнүн улуттук мыйзамдарынын алкагында укуктарды сактоону камсыздаш үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алуу талабы менен расмий кат жөнөттү.