Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында болушту

06/10/2020 - 16:02

Бүгүн, 2020-жылдын 6-октябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери , кечээ түндө жаракат  алган 120 адам жеткирилген КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда болушту.  Акыйкатчынын орун басары Г.Жамгырчиева менен башкы дарыгер Т.Маанаев сүйлөшүү учурунда, учурда ар кандай жаракаттарды алган 90 бейтап дарыланып жаткандыгы, 4 бейтап реанимацияда жаткандыгы, 1 жабырлануучу каза болгондугу белгилүү болду. Ошондой эле жабыркагандар негизинен 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштар экендиги белгиленди.

Акыйкатчы аппараты Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына кайрылган ар бир жаран юридикалык консультация жана мыйзамдуу укуктары менен эркиндиктерин коргоодо жардам ала ала тургандыгын эскертет. Ошондой эле, арыздануучулар  “115 шыр байланыш” кызматына чалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ (түнкүсүн, чалуулар атайын программа аркылуу жазылып, эртеси шыр байланыш кызматынын операторлору же Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери сизге кайра чалышат). Мындан тышкары, жарандар өздөрүнүн кайрылууларын жана арыздарын ombudsman@inbox.ru электрондук дарегине же http://ombudsman.kg сайтынын интернет-кабылдамасы аркылуу жөнөтө алышат.