Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Кой-Ташта жол жээгиндеги 4 чакырым участокту таштандыдан арылтышты

17/09/2023 - 10:13

16-сентябрда КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери толук курамда жалпы республикалык ишембиликке катышты.  

Борбордук аппараттын кызматкерлери, Чүй областындагы  өкүлчүлүк Чүй областынын Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы 4 чакырым аймакты таштандыдан тазалашты.

Тазалоо иштери  жол жээгин бойлото - «12 каминов» эс алуу комплексинен «Жаннат» мейманканасына чейинки аралыкта жүргүзүлдү.

Институттун аймактардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери да ишембиликке чыгышты.
Ысык-Көл областындагы Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Каракол шаарындагы «Жеңиш» паркын тазалашты.

Ош, Нарын, Жалал-Абад, Талас жана Баткен областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери областтык администрациялардын имараттарынын айлана-тегерегин тазалашты.