Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кармалган А.Атамбаев, Ф.Ниязов, К.Асанов, К.Сагынбаев жана Т.Султанбековго барышты

14/10/2020 - 16:35

2020-жылдын 10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери жаңы кармалган Фарид Ниязов жана Канат Сагынбаев жаткан Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барышты. Ф.Ниязов менен К.Сагынбаев Акыйкатчынын өкүлдөрүнө камактын шарттары боюнча эч кандай дооматы жок экендигин айтышты.

Ошондой эле шейшемби күнү, 13-октябрда, УКМКнын ТИЗОсуна барышты, ал жерде  мурда 9 жылга эркинен ажыратылган Алмазбек Атамбаев жана жаңы камакка алынган Курсан Асанов отурушат.

А.Атамбаев Акыйкатчынын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине карата нааразычылыгын билдирип, алар тарабынан 9-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митингдин катышуучуларына карата “тандап кармоо жана кылмыш ишин тандап козгоо” болгонун айтты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти анын кайрадан камакка алынышына жана УКМКнын ТИЗОсуна жайгаштырылышына макул эместигин билдирди, анткени анын баш коргоо чарасын (камаксыз ) 2020-жылдын 11-ноябрына чейин өзгөртүү боюнча соттун тиешелүү чечими бар жана ал убакка чейин жокко чыгарылган эмес.

 Өз кезегинде, кармалган К.Асанов дагы УКМКнын тергөө абагына камакка алынышына жана жайгаштырылышына макул эместигин билдирди, анткени, анын пикири боюнча, ал республиканын мыйзамдарын жана коомдук тартипти бузган жок, тескерисинче, кырдаалды турукташтырууда жана тартипти калыбына келтирүүдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жардам берүүгө аракет кылды.

А.Атамбаев менен К.Асановдун кармоо шарттарына, ошондой эле УКМКнын ТИЗОсунун администрациясына эч кандай дооматтары жок.

Бүгүн, 14-октябрда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барышты, ал жакта кармалган Темирлан Султанбеков отурат. Акыйкатчынын өкүлдөрү менен баарлашуу учурунда Т.Султанбеков камакта кармоо шарттары жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери боюнча эч кандай дооматы же даттануусу жок экендигин айтты. Бирок, ошол эле учурда, ал "ачкачылыкты" улантып, дары ичкенде гана суу ичээрин түшүндүрдү. Мындан тышкары, Т.Султанбеков 9-октябрда Ала-Тоо аянтында массалык баш аламандык уюштурууга эч кандай тиешем жок деп баса белгиледи.

 Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Т.Султанбеков менен К.Асановго карата камакта калтырбай, алдын алуу чарасын жумшак чарага өзгөртүүгө болот деп эсептейт. Буга чейин Акыйкатчы Бишкек шаардык сотуна тиешелүү арыз жолдогон.

Мындан тышкары, Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кармалгандардын маалыматтарын жана жүйөлөрүн текшерип, эгерде мыйзам бузуу фактылары тастыкталса, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана адам укуктарын бузуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кат жөнөттү.