Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ченемдик-укуктук актыларды талдоо стандарттарын окуп үйрөнүшөт

13/05/2019 - 16:29

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери квалификацияларын жогорулатуу үчүн  2019-жылдын 13-17 майына чейин ченемдик-укуктук актыларды талдоо стандарттарын окуп үйрөнүшөт. Бул иш-чара Европа Биримдигинин "Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөк көргөзүү 2-фаза" долбоорунун алкагында Адам укуктары боюнча кеңеши жана Даниянын адам укуктары институту тарабынан уюштурулду.

Окуу курсу институттун кызматкерлери  тийиштүү чечимдерди кабыл алууда жана арыз менен кайрылган жарандарга так юридикалык кеңеш берүүдө иштин сапатын жакшырышын жана алардын билимин жогорулатууну  камсыз кылуу максатын көздөйт.  

Тренингдин жүрүшүндө далил таап ага баа берүү, ченемдик-укуктук актыларды тандоо жана талдоо, КР адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу боюнча арыз-даттанууларга юридикалык баа берүү чечиминин натыйжалары боюнча маалыматтар берилет.  Программа өзүнө теориялык гана эмес, материалды бекемдөө үчүн практикалык тапшырмаларды да камтыйт.

Эксперт катары чакырылгандар: Кыргыз-Россия Славян университетинин Мамлекеттин теориясы жана укугу кафедрасынын доценти, Юридика илимдеринин кандидаты, КР Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары, Конституциялык соттун экс-судьясы -Мусабекова Ч. А. жана Борбор Азиядагы Америка университетинин Укуктук программасынын доценти,юридика илимдеринин кандидаты, КР Соода-өнөр жай палатасынына караштуу эл аралык Бейтарап сотунун арбитри- Аленкина Н.Б.