Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Бишкектеги тергөө абагына мониторинг жүргүзүштү

24/12/2024 - 16:53

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту (Омбудсмен) жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарда камакка алынгандардын укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу чыгып жаткан маалыматтарга байланыштуу Бишкектеги тергөө абагындагы абалга мониторинг жүргүзүүдө.

 

23-декабрда Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери кайрадан тергөө абагына барышты.

 

Мониторинг учурунда, кармалгандар менен баарлашышты.

Алардын айтымында,  20-декабрдан тарта жыйырмадан ашуун кармалгандар ачкачылык жарыялоодо.

 

Мындай ачкачылык жарыялоо менен алар, күч колдонууну токтотууну жана адвокаттар менен тоскоолдуксуз жолугушууну камсыз кылууну талап кылышууда.

 

Акыйкатчы Институту кармалгандардын айрымдарынын дене-боюн карап чыкты.  

 

Алардын ичинен экөө К.Д. жана Д.Ш. Акыйкатчынын атына арыз менен кайрылып, тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун тастыкташты.

 

Алардын айтымында, алардын союл менен сабап, тепкилешкен. Денелеринде ур-токмоктун белгилери-шишиктер жана гематомалар бар экени аныкталган.

 

Жабырлануучулар криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү.

 

Алардын айтымында, аларга медициналык жардам да көрсөтүлгөн эмес.

 

Ошондой эле, мониторингдин жүрүшүндө мекеменин жетекчилиги тарабынан 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу графиги өзгөртүлгөн, ага ылайык ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелинет.

 

Акыйкатчы Институту КР Жазык-процесстик кодексинин 46-беренесине ылайык, айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана убакытка чектөөсүз эркин баарлашууга укуктуу экенин эскертет.

 

Акыйкатчы Институту тергөө абагынын жетекчилигинин абактагыларга келгендерди жолуктуруу графигин өзгөртүү боюнча чечиминин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кат жолдоду.

 

Мындан тышкары, тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата күч колдонгону боюнча бардык чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

 

Белгилей кетсек, буга чейин институттун кызматкерлери 20-21-декабрда тергөө абагына  мониторинг жүргүзүшкөн. Мониторинг учурунда, институттун кызматкерлери Темирлан Султанбеков жана анын камералаштары менен баарлашкан.

 

Тактап айтканда, 20-декабрда буга чейин, анын каты соцтармактарга жарыяланган адам менен да баарлашкан.

 

Институттун кызматкерлери анын денесине кароо жүргүзүп, эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери жок экенин көрүшкөн.

Бетинде көгөргөн тактарды ал ошол күнү сейилдөө учурунда тайып жыгылып уруп алганын билдирген.

Бирок 21-декабрда ал институттун кызматкерлерине башкача көрсөтмө берип, ага карата физикалык күч колдонулганын тастыктаган. Акыйкатчыга жазган арызында ал укугун коргоп берүүнү суранган.

Тергөө абагынын кызматкерлери 20-декабрда камераларга тыюу салынган предметтерди киргизбөөнүн алдын алуу максатында тинтүү болгонун кабарлашкан.

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева камакка алынгандардын арыздарын жеке көзөмөлүнө алды.