Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча КР ЖК кайра шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүдө

27/02/2022 - 15:45

Бүгүн, 2022-жылдын 27-февралында, таң эртеден тарта Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) борбордук аппаратынын жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери эки бир мандаттуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайталап шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзө башташты. Бишкек шаарындагы шайлоо округдары боюнча — № 27 Биринчи Май шайлоо округу жана № 29 Свердлов шайлоо округу.

Белгилей кетсек, КР Акыйкатчысынын аппаратында шайлоого мониторинг жүргүзүү боюнча штаб иштейт, анда шайлоонун жүрүшү боюнча маалымат топтолот. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталса, укук коргоочулардан турган топ токтоосуз түрдө мыйзам бузуулар катталган шайлоо участогуна жөнөтүлүп, кырдаалды жеринде тактоодо. Мындан тышкары, бул топ алыскы округдарга мониторинг жүргүзүп, Акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктарынын чегинде башка тиешелүү иштерди жүргүзөт.

Мониторингдин максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын коргоо. Негизги көңүл ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын сактоого, ошондой эле шайлоо процедураларын сактоого, шайлоо участкаларында пандустардын болушуна, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана эпидемиологиялык эрежелерди сактоого бурулат.

Бул шайлоого катышкан шайлоочулар жарандардын шайлоо укуктарынын бузулушу аныкталган учурларда Акыйкатчы аппаратынын борбордук аппаратына түз келип (дареги: Бишкек ш., Тыныстанов көч., 120) же - 66-32-80 жана 66-31-41 телефон номурларына чалып, же 115-Шыр байланыш телефонуна билдирүү аркылуу кайрылса болот.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери көз карандысыз байкоочулар катары түздөн-түз катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун УШКларынын номерлери:

Первомай району: 1202, 1204, 1205, 1206, 1207, 1208, 1209, 1210, 1213, 1214, 1216, 1217, 1218, 1219, 1220, 1221, 1225, 1226, 1229, 1232, 1241, 1250, 1004, 1005, 1007, 1041, 1043, 1044.

Свердлов району: 1324, 1326, 1329, 1332, 1335, 1336, 1338, 1339, 1350, 1349.