Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 4 чакырым жолдун жээгин таштандыдан арылтышты

10/06/2023 - 09:49

Бүгүн, 10-июнда КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты.

Борбордук аппараттын кызматкерлери Чүй областынын Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылынын аймагындагы 4 чакырым аймакты таштандыдан тазалашты.

Тазалоо иштери жол жээгин бойлото - «12 каминов» эс алуу комплексинен «Жаннат» мейманканасына чейинки аралыкта жүргүзүлдү. 

Институттун аймактардагы өкүлчүлүктөрү дагы ишембиликке катышты.