Акыйкатчы Институтунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү
КРнын Акыйкатчы Институтунун (Омбудсмени) имараты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, кызматкерлер жаңыланган мекемеде иш алып барууда.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институту 2024-жылдын октябрь айында имаратын реконструкциялоо иштерин баштаган.
Институтту оңдоп-түзөө иштерине Финансы министрлиги 25 миллион сом каражат бөлгөн.
Акыйкатчы Институту жайгашкан имарат республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргендиктен анын сырты өзгөртүлбөстөн жаңыланды.
Имараттын арткы короосу жашылдандырылып, “Укук аллеясы” ачылып, жарандарыбыздын эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Оңдоп-түзөөнү Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “Мамлекеттик имараттар Департаменти” ишке ашырды.
Эскерте кетсек, имарат 1932-жылы салынган. Бул жерде 1941-жылы Москвадан Кызыл туулу Суворов ордендүү 385-Кричев аткычтар дивизиясынын штабы жана саясий бөлүмү, Куйбышев аскердик-инженердик академиясы, “Билим” коому, ишкерлер ассоциациясы жана башка мекемелер жайгашкан.
2009-жылы Акыйкатчы Институту көчүп келген. Андан бери имарат бир да жолу оңдолгон эмес.