Акыйкатчы Институтунда Equality Now уюмунун аймактык өкүлү менен жолугушуу болуп өттү

26/09/2024 - 10:08

2024-жылдан баштап, күч органдары өлкөдө майыптыгы бар жарандарга карата жасалган кылмыштардын статистикасын өз алдынча жүргүзүп келет. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Equality Now («Равенство сейчас») эл аралык уюмунун аймактык өкүлү Тамар Деканосидзе менен жолушуу учурунда билдирди. 

Тараптар аялдарга жана майыптыгы бар кыздарга болгон зордук-зомубулуктун алдын алуу маселесине токтолушту. 

Назаралиева 2024-жылдын төрт айынын статистикасына токтолуп, аялдарга карата зордук-зомбулук мурунку жылга салыштырмалуу дагы 20 пайызга өскөнүн билдирди. 

Анын айтымында, майыптыгы бар кыздардын зомбулукка кабылып жатканы өтө кейиштүү. Мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар жана кыздар калктын аярлуу катмарына киргендиктен коргоого жана колдоого муктаж. 

“Майыптыгы бар аялдар жана кыздар өзүн-өзү коргоого мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен зомбулукка каршы тура алышпайт. Ошондой эле, алар зомбулукка кабылып калган учурда да жакындарына өз убагында айта албай, узак убакытка чейин кордук көрүп келишкендери да жок эмес” –деди Назаралиева.

Ал белгилегендей, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо Акыйкатчы Институнун өзгөчө көңүл борборунда. 

2024-жылдын башынан бери Акыйкатчы Институту мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн үч учурга мониторинг жүргүзүп,  алардын соттук иштерине катышып, көзөмөл жүргүзүүдө. 

“Буга чейин, күч органдары мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга карата болгон кылмыштарга өзүнчө статистика жүргүзчү эмес. Ушул жылдан баштап, Акыйкатчы Институтунун кайрылуусунан кийин, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга карата болуп жаткан кылмыштарга өзгөчө көңүл буруп, статистика жүргүзүүгө макул болушту”, - деп белгиледи Назаралиева. 

Equality Now эл аралык уюмунун аймактык өкүлү Тамар Деканосидзе белгилегендей, баардык эле өлкөлөрдүн Акыйкатчылары мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын көйгөйлөрүнө терең көңүл бура бербейт. 

Деканосидзе мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын эл аралык укуктары жөнүндөгү конвенцияга ылайык сексуалдык зомбулукка кабылган аялдар жана кыздардын укугун коргоо жаатында Акыйкатчы Институту менен биргеликте күч органдары менен тыгыз кызматташууну сунуштады. 

Маалымдама
Equality Now — дүйнө жүзүндөгү аялдарга жана кыздарга карата болуп жаткан басмырлоону жана зомбулукту жоюу боюнча иш алып барган эл аралык укук коргоочу уюм. Уюмдун негизги максаты - гендердик теңчиликти камсыз кылуу үчүн укуктук жана системалык өзгөрүүлөргө жетишүү.