Акыйкатчы институту ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен жолугушуу өткөрдү

09/08/2018 - 15:55

2018-жылдын 8-августунда  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын  (Омбудсменинин) орун басары Г.Жамгырчиева Акыйкатчы Аппаратынын балдардын укугун коргоо бөлүмү менен бирдикте Бириккен улуттар уюмунун балдарды коргоо ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандагы  балдардын укуктарынын сакталышы  боюнча бир катар көйгөйлүү маселелер талкууга алынды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Акыйкатчы Институту ата-энесинин камкордугу жок калган мигрантардын балдарынын укуктарын коргоо механизми боюнча атайын баяндама биргеликте даярдоо пландаштырылды.  

Ошондой эле балдардан келип түшкөн арыздардын кароо процедуралары, ар бир балага укуктары боюнча маалымат берүү максатында эффективдүү программаларды ишке ашыруу жана ошондой эле ар бир мектептте ишке ашып жаткан мектеп парламенттеринин алкагында мектеп омбудсмендерин киргизүү практикалары каралды.