Акыйкатчы институту Тогуз-Торо районун аймактык адвокаттар жана нотариус менен камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен КР Юстиция министрине кайрылды

03/11/2021 - 11:37

КР Акыйкатчы институту юстиция министри А.Б.Баетовго кат жолдоп, анда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери “Укук кербени” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тору районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда  белгилүү болгондой, жеке жана мамлекеттик адвокаттар менен нотариустардын келбей жаткандыгын маалымдады.

Мындан тышкары, Акыйкатчы аппаратынын катында, Тогуз-Торо РИИБнин Убактылуу кармоо жайына мониторинг жүргүзүү учурунда кармалган А.А. аттуу жаранга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулганын, бирок жактоочунун келбегендигине байланыштуу сот 6 айдан ашык созулуп жатканын билдирген эле.

Республиканын адам укуктары боюнча башкы органынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрине кайрылуусунда белгиленгендей, Кыргызстандын Конституциясында  жазылгандай, ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт. (61-бер. 4-пункту). “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 13-бер.2-пунктунда мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө адвокаттардын катышуусу областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча борбор менен өз ара аракеттенген аймактык адвокатуралары тарабынан камсыз кылынарын Акыйкатчы институту баса белгилейт.

Акыйкатчы аппараты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесинде каралган ыйгарым укуктарын жетекчиликке алып., Тогуз-Торо районун аймактык адвокаттар жана нотариус менен камсыз кылуу боюнча уюштуруу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнөт.