Акыйкатчы институту саясат талдоочу Марат Казакпаевдин бөгөт чарасы өз маалында кайсы себептен өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө

09/06/2022 - 12:01

Акыйкатчы институту Марат Казакпаевдин жубайынын 2022-жылдын 6-июнда түшкөн арызынын негизинде медициналык жардам учурунда канчалык жеткиликтүү болгондугун, бөгөт чарасы өз маалында кайсы себептерден өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө. 

Алдын ала маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторунда (ТИЗО) камакта болгон М. Казакпаев 2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин улуттук госпиталда дарыланып жатканын, кардиологияга жаткыруу үчүн негиз болбогондон кайра ТИЗОго алып келингендиги маалым болгон.

Бирок, 9-июнда белгилүү болгондой, саясат талдоочу комага түшүп калган оор ахыбалда ооруканага жаткырылган. Ушул эле күнү Акыйкатчынын кызматкерлери М. Казакпаев жаткан №1 шаардык оорукананын неврология бөлүмүнө барып абалы менен таанышып, дарыгери жана туугандары менен сүйлөшүп, маалымат алышты. Дарыгер Т. Кыдыровдун айтуусунда М. Казакпаев тез жардам бригадасы менен 9- июнда эртен менен саат 8-44 кома абалында келип тушкон.

Маалымат үчүн: КРнын Акыйкатчысынын наамына 2021-жылдын 4-майында саясат талдоочунун жубайы А. Казакпаева арыз менен кайрылган. Ал кездеги  Акыйкатчы (Омбудсмен) Т. Мамытов 2021-жылы 07-майда УКМКнын ТИЗОсуна барып Марат Казакпаевге жеке жолуккан. Кармоо шарттары менен таанышкан. Жолугуу учурунда М.Казакпаев УКМКнын ТИЗОсуна, кармоо шарттарына дооматтары жок экендигин айткан. Ошондой эле адвокатынын арызын карабоону, тергөө менен кызматташууга бара турганын белгилеп, анын тынчын албоосун суранган.

2021-жылы 31-майда Акыйкатчынын кызматкерлери жубайынын экинчи жолу кайрылуусу боюнча УКМКнын ТИЗОсуна барышкан. Жыйынтыгы боюнча расмий пресс-релиз берилип, анда сүйлөшүүнүн жүрүшүндө М. Казакпаев ден-соолугунун абалына, атап айтканда кан басымынын жогорулашына жана бөйрөк жетишсиздигине, ошондой эле камакка алынган учурдан бери ага карата эч кандай тергөө иш-аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүнө жана ага коюлган айыптарга нааразы болгон.

Мындан тышкары, ал дагы эле өзүнүн кылмыш ишин жүргүзүп жаткан тергөөчүнүн фамилиясын же атын билбей тургандыгын белгилеген.  Ошол эле учурда ал УКМК кызматкерлеринин психологиялык кысым көрсөтүп,  адвокат И. Айткуловдун кызматынан жана ага жүктөлгөн адвокаттын кызматын кабыл алуудан баш тартып, тергөөчүлөр сунуш кылган адвокат менен иштешүүнү талап кылып жатканын айтты. Болбосо, М. Казакпаевдин айтымында, аны Бишкектеги №1 ТИЗОго которуп, ага ар кандай физикалык кысым көрсөтүүгө даяр кылмышкерлер менен бир камерага отургузабыз деп коркутуп атышат деген.

М. Казакпаев мамлекеттик кызматкер эмес экендигин жана жашыруун документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин да белгилеген.

М. Казакпаев камакка алууну жана кыйноону өзүнө карата туруктуу жана күчтүү психологиялык кысым түрүндө болуп жатканын, ал буга чейин айткан саясий айрым маселелер боюнча өзүнүн позициясы менен байланыштырган.

2021-жылдын 31-майында КР УКМКсынын башчысы К. Ташиевге жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча чара көрүүнү талап кылуу менен Акыйкатчы аппараты кат жөнөткөн. 

Андан сырткары Акыйкатчы кызматкерлери 2021-жылдын 14-декабрында  УКМКнын ТИЗОсунда болуп кармалгандар менен жолуккан  анын ичинде М. Казакпаев да бар болчу, ал дооматтарын айткан эмес.