Акыйкатчы институту Саламаттыкты сактоо министринен 29 жаштагы аялдын майып болушуна күнөөлүү медицина кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну талап кылат

17/08/2022 - 12:32

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын атына Т. Р. аттуу жаран кызынын укуктары дарыгерлер тарабынан бузулгандыгын баса белгилеп, арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 1993 жылы туулган Т.кызы З. 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык №4 перинаталдык борборунда кан басымы жогору болуп кайрылган. Ошол күнү нөөмөттө турган дарыгерлер көңүл кош мамиле жасап, бейтапка төрөт чакыруучу дарыларды ичирген. Анын натыйжасында Төрөбек кызы З., абалы оорлошуп ымыркайды ара төрөп өзү реанимацияга түшүп калган. Т. Р. айтуусунда дарыгерлер өз жоопкерчилигинен кутулуу максатында операция жолу менен төрөтүп, кызынын өзүнүн өнөкөт оорулары козголду деп туура эмес маалымат беришкен. Ошол күндөн ушул убакытка чейин дээрлик 2 жылдан ашык абалы оор бойдон калууда. Азыркы убакта кызы сүйлөбөйт, баса албайт, өзү тамак иче албайт, атасы көтөрүп дааратканага алып барат жана жуундурат. Болгон каражатына дарыларды алып, азыркы убакта батирде жашап, кызын багууда.

Арыз ээси бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган, бирок алардын берген жообуна нааразычылыгын билдирди.

Акыйкатчы Саламаттык сактоо министрине бул иш боюнча обьективдүү, жыйынтыктуу иликтөө жүргүзүп, жарандын майып болуу себебин аныктап, ага жооптууларды жоопкерчиликке тартуу менен, жабыркаган айымдын реабилитация иш-чарасын камсыз кылуусун талап кылды.