Акыйкатчы Институту өз аппаратынын дараметин баалоодон өткөрүүдө
КРнын Акыйкатчы Институту (Омбудсмени) өзүнүн аппаратынын дараметин баалоодон өткөрүп баштады.
Бүгүн Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева, орун басарлары жана институттун кызматкерлери атайын миссия менен онлайн- форматта жолугушту.
Видео конференцияда институттун мүмкүнчүлүктөрү жана ишмердигинин жүрүшүндө пайда болуп жаткан жаңы чакырыктар талкууланды.
Институттун ишине БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Адам укугун коргоо боюнча улуттук мекемелердин Азия-Тынч океан форумунун миссиясы баалоо жүргүзүүдө.
Ал институттун ыйгарым укуктарын күчөтүп, “А” макамын алууга негиз болот.
Адам укуктары боюнча улуттук мекемелердин дараметин баалоо – бул укук коргоо уюмдарынын, мекемелердин иш аракеттерин бекемдөөгө жана натыйжалуугун жогорулатууга багытталган иш чара.
2008-жылдан бери төмөнкү өлкөлөрдүн адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлдөрү жана омбудсмендери ишмердигине баалоо жүргүзгөн: Малайзия, Мальдив аралдары, Иордания, Таиланд, Монголия, Шри-Ланка, Австралия, Жаңы Зеландия, Филиппин, Непал, Бангладеш, Самоа, Индонезия, Оман, Бахрейн, Пакистан, Мьянма жана Индия.
Борбордук Азиядан Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Казакстандын Омбудсмендери ишин баалоодон өткөрүшкөн.
Белгилей кетсек, “А” статусу КРнын Акыйкатчысынын ишмердүүлүгү Париж принциптерине толук шайкеш келерин тастыктайт жана Адам укуктары боюнча эл аралык кеңештин бардык жыйындарына катышууга жана билдирүү жасоого укук берет.