Акыйкатчы институту менен биргеликте "Кыйноолорсуз сот адилеттүүлүгү" Quiz night интеллектуалдык оюну болуп өттү

17/06/2019 - 16:44

2019-жылдын 14-июнунда, Акыйкатчы институту менен “Голос свободы” коомдук фонду биргеликте  "Кыйноолорсуз сот адилеттүүлүгү" Quiz night интеллектуалдык оюнун уюштурушту. Оюн Кыйноолордун алдын-алуунун эл аралык күнүнүн алкагында жаштар уюмундагы студенттер, ыктыярчылар жана активисттер арасында болуп өттү. 

Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев иш чаранын ачылышында сүйлөп,  “Өз укугун билген адам гана аны коргой алат, Акыйкатчы аппараты өзүнүн ишмердүүлүгүндө жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Оюнга катышуу менен силер да укук боюнча билимиңерди тереңдеттиңер” –деп баса белгиледи.

Интеллектуалдык таймашта Борбордук Азиядагы Америка университети, Улуттук Кызыл жарым ай коому, Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академия, Club25.KG,  Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Жаштарды өнүктүрүү институту, Укуктук жана социалдык жактан активдүү мектептердин  топтору катышты:

"Кыйноолорсуз сот адилеттүүлүгү" интеллектуалдык оюнда биринчи орунду жаш активисттерден жана ыктыярчылардан турган Club25.KG тобу ээлешти. Экинчи орунду Улуттук Кызыл жарым ай коому алса, үчүнчү орундун ээлери - Борбордук Азиядагы Америка университети менен Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиги  болушту.

 Аталган иш-чара Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашты.