Акыйкатчы Институту "Манас" социалдык айылына колдоо көрсөтөт

06/04/2026 - 16:03

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Айчүрөк Назаралиева Чүй облусунун Мураке айылында жайгашкан “Манас” социалдык айылына барды. 

“Манас” айылы майыптыгы бар жарандар үчүн түзүлүп, социалдык мекеме катары иш алып барган алгачкы коомдук бирикме болуп саналат . 

Социалдык айыл 2004-жылы негизделген. Учурда  ал жерде 17 жаштан 40 жашка чейинки  I, II жана III топтогу майыптыгы бар 24 жаран жашайт. Алардын көпчүлүгү мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерден келишкендер. 

Социалдык айыл майыптыгы бар жарандардын муктаждыктарына ылайыкташтырылган эки чакан үйдөн турат. 

Аталган жайдын директору Гүлбарчын Такырбашеванын айтымында, чарбалык иштер жана аларды ар тараптуу окутуу-колдоо социалдык терапиянын ролун аткарып, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана ишке орношууга жардам берет.

“Биз майыптыгы бар адамдар коомдо обочолонбой билим алууга, эмгек кылууга жана коомдук турмушка толук кандуу катышуусуна шарт түзүүнү максат кылганбыз. Бул өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине да шайкеш келет”, — деди Гүлбарчын Такырбашева.

Айыл тургундары алгач цехтерде окуудан өтүшүп, андан кийин адистердин көзөмөлү астында иштешет. Кээ бир учурларда аларга ыктыярчылар жардам беришет. Иш графиги жумасына беш күн, күнүнө алты саат.

Ал жерде сувенирдик буюмдарды жасоо, жыгач устачылык кылуу, тигүү, ошондой эле экологиялык кагаз баштыктарды өндүрүү цехтери иштейт.

Кол өнөрчүлүк жана фермердик чарбанын ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражатка  тургундар өздөрүн жарым-жартылай камсыздай алышат.

Ошону менен катары эле, социалдык айылда жашап, баш кошкон бир үй-бүлө бар. Алар балалуу болуп, социалдык кызматкерлер наристени каралашууга көмөк көрсөтүп келишет. Бул үй-бүлө үчүн өзүнчө үй курулуп жатат.

Аталган айылда үч социалдык кызматкер нөөмөт менен иштейт.

Социалдык айылдын Беловодское айылында дагы бир филиалы бар.  Ал жакта тоок багуу , кичи-наабайканада жана сүттү кайра иштетүүчү чакан цех иштейт.

Нан, кайра иштетилген сүт азыктары жана сувенирдик буюмдар Бишкек шаарындагы Турусбеков көчөсү 52 дарегинде жайгашкан социалдык дүкөн аркылуу сатылат.

Акыйкатчынын орун басары бул айыл майыптыгы бар адамдар үчүн жакшы социалдык үлгү экенин белгилеп, психологиялык колдоону күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери аларга туруктуу негизде укуктук жардам көрсөтүүгө дайын.

Акыйкатчы Институту мамлекеттик социалдык мекемелерде жашаган майыптыгы бар адамдарды окутуу, ишке орноштуруу жана коомго кошуу  маселелери боюнча мониторинг жүргүзүүнү улантат.