Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарды этникалык кыргыздардын маселесин чечүүдө биргелешип аракеттенүүгө чакырды
Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунда тиешелүү органдардын өкүлдөрү коңшу мамлекеттерден Кыргызстанга көчүп келип отурукташкан этникалык кыргыздардын зарыл болгон укуктарын камсыздоочу чараларды талкуулашты.
Негизинен көчүп келгендердин КРнын жарандыгын, пенсия жана жөлөк пул, билим, медициналык тейлөө алуудагы укуктарын, ошондой эле мамлекет тарабынан социалдык көмөк алуудагы укуктарын камсыздоо боюнча мамлекеттик органдар менен биргелешип иштешүү талкууланды.
Жолугушуу 4-майда болду.
Жолугушууга акыйкатчынын аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков, Акыйкатчы институтунун саясат жана миграция бөлүмүнүн башчысы Рыспек Токтоналиев, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу калкты каттоо департаменинин жана КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Азарбеков мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө ар түрдүү себептер менен документ алууда өз укуктарын коргой албай жаткан этникалык кыргыздардын кейстерин берди.
Акыйкатчы институтуна кайрылган, Өзбекстан көчүп келип, КРнын паспортун алууга көмөк көрсөтүүнү жана кичинекей балдарын мектепке чейинки мекемеге киргизүүнү сураган үй-бүлөнүн маселеси жеринде чечилди.
“Акыйкатчы (омбудсмен) институту жарандардын документ алуусу боюнча маселелерди жөнгө сала турган айрым нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт”,-деди Азарбеков.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен министрлер кабинетине аскердик каттоого туруу бөлүмү боюнча нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу сунушту айтылды.