Акыйкатчы институту кыйноолорду алдын алуу боюнча долбоорунун 2-баскычын ишке ашырууга киришти

16/03/2020 - 15:35

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту Ош шаарында өтө турган кыйноолорду  алдын алуу боюнча долбоордун 2-этабын ишке ашырууга киришти. Бул долбоор  буга чейин Акыйкатчы институту менен “Голос свободы” коомдук фонду экөөнүн ортосунда  түзүлгөн макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып жатат.

Ошентип, 23-март күнү Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жана анын Ош шаары жана Ош облусу боюнча регионалдык өкүлчүлүгү “Голос свободы” коомдук фондусунун эксперттери менен бирдикте  Ош шаарынын   ШИИБ убактылуу кармоочу жайында       алдын ала эскертүүчү мониторинг жүргүзүштү.    

Текшерүү учурунда кармалгандар менен маектешүү болду, ошондой эле алар кармоочу жайга киргизилип жатканда тийиштүү медициналык текшерүүдөн өткөнбү, камалышы мыйзамдуубу ж.б. боюнча сурамжыланды. Камалгандар тарабынан укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушуна байланыштуу даттануулар болгон эмес.

Эксперттик топ камакка алынган 1964-ж туулган С.А. баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралу Ош облустук соттун тийиштүү чечими жок экендиги аныкташты.  С.А. өздүк делосунда анын баш коргоо чарасы үй камагынан камакта кармоо боюнча өзгөртүлгөнү боюнча соттун маалымкаты гана болгон.  Акыйкатчы аппараты аталган фактыны текшерүүнү жана иликтөөнү баштады.