Акыйкатчы институту Кыргызстанда короновирус илдетин жайылтпоо боюнча алдын-алуу иш-чараларына катышат

18/03/2020 - 15:15

Бүткүл дүйнө жүзүн (150 ашык өлкөдө, анын ичинен кошуна мамлекеттер-Кытай, Казакстан, Өзбекстан ж.б.) каптаган COVID-19 аталган короновирус илдетине байланыштуу КР Акыйкатчысы Өкмөткө эркиндигинен ажыраган жайлардагы (Түзөтүү колониясы, ТИЗО, УКЖ) кырдаалдарга, ошондой эле социалдык стационардык мекемелердеги (карылар үйлөрү, балдар үйлөрү, ымыркайлар үйлөрү) кырдаалдарга өзгөчө көңүл буруусун өтүндү. Себеби, анда жайгашкан адамдар ден-соолугунан көбүрөөк жабыркаган топко киришет.

 Жогоруда тизмектелген жарандар көбүнчө эл жык толгон жабык жайларда жайгашкандыктан, калк арасында COVID-19 аталган коронавирус илдети тез жана масштабдуу жайылып кетүү тобокелчилиги бар. Мындан тышкары илдет жугузуп алуу тобокелчил тобуна жогорудагы айтылган мекемелерде иштеп жаткан бардык кызматкерлер ошондой эле ал жерде жайгашкан жарандарга жолугуу үчүн барган туугандары, жакындары дагы кирет.

Ушуга байланыштуу, КР Акыйкатчысы короновирус жугуштуу илдетин алдын-алуу жана мындан ары өлкө аймактарына жайылтпоо үчүн түзүлгөн республикалык штабдан жогоруда айтылгандар боюнча дыкат көзөмөлдөө жүргүзүүнү суранат.

 Өз кезегинде КР Акыйкатчысы борбордук аппараттын кызматкерлерине жана Акыйкатчынын регионалдык өкүлчүлүктөрүнө аталган илдетти алдын-алуу жана жайылтпоо боюнча жүргүзүлүп жаткан Өкмөттүн иш-чаралардын максаттуу ишке ашыруунун жүрүшүндө адам укуктарын бузууга жол бербөө үчүн, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштерине мониторинг кылуу үчүн атайын буйрукка кол койду. Ошол эле учурда Өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган ченемдер жана талаптар бардык жарандар тарабынан толук аткарылып  жатканына көңүл буруу зарыл  экендигин белгиледи.