Акыйкатчы институту кечээ Льва Толстого/Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде болгон каргашанын күбөлөрүнөн үн катууну суранат

28/06/2022 - 11:23

2022-жылдын 27-июнунда саат 9:00-дөр чамасында Льва Толстого/Чолпон-Атинская көчөлөрүнүн кесилишинде (Аламүдүн району) 17 жаштагы Ж. баланы поезд сүзүп каза болду.

Акыйкатчы А.Абдрахматованын тапшырмасы менен поезд сүзүп кеткен 17 жаштагы өспүрүмдүн жакындары менен Акыйкатчы аппараты байланышты.

Туугандары кырсыкка күбө болгондорду издөөгө көмөктөшүү зарылдыгын билдиришти.

Маркумдун байкесинин айтымында, окуянын чоо-жайы белгисиз, РИИБ ата-энесине эч нерсе айткан эмес.

Буга байланыштуу КР Акыйкатчы институту каргашалуу окуяны өз көзү менен көргөн же кырсык унаасынын видеорегистраторунда жазылып калган ар бир жаранга кайрылып, эгерде кандайдыр бир маалымат болсо каза болгон жигиттин жакындары менен 0-707-304-060 телефону аркылуу байланышууну өтүнөт. Ошондой эле Акыйкатчы аппаратына 0312- 66-33-05 телефонуна чалса болорун айтабыз.

Акыйкатчы институту ички иштер органдарынын маркумдун жакындарына керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тартканы боюнча прокуратурага кайрылды.