Акыйкатчы Институту калктын аярлуу катмарын паспорттоштуруу ишин активдүү улантууда

13/06/2025 - 09:11

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун кийлигишүүсүнөн кийин “Үмүт үйү” улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык-стационардык мекемесинде өздүгүн тактаган документи жок жашап жаткан 6 адам жана  шаар  тургуну паспорт алды. 

Институттун кызматкерлери “Үмүт үйү” социалдык мекемесине мониторинг жүргүзүп, ал жерде жашап жаткан 10 адамдын паспорту жок экенин аныкташкан. 

Социалдык мекеменин жетекчилигинин айтымында, бул адамдардын паспорт алуу процесси создуктурулуп, андан кийин такыр токтоп калган. Анткени алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана туулгандыгы тууралуу акт кагазы жок же калкты каттоо кызматынын базасына катталган эмес, айрымдары 1974-жылкы советтик үлгүдөгү паспорттор менен жүргөн. 

Алар өздүгүн тактаган документи жок болгондуктан өздөрүнүн социалдык-экономикалык укуктарын ишке ашыра албай келишкен. Тактап айтканда, пенсия, майыптыгы тууралуу жөлөк пулдарды жана мамлекет тарабынан кепилденген башка социалдык жеңилдиктерди да ала алышкан эмес. 

Акыйкатчы Институту  “Кызмат”  мамлекеттик мекемесине бул жарандарга өзгөчө тартипте паспорт берүү жана документтерин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кат жолдогон. 

Акыйкатчынын көмөгү менен алты адам паспорт алып, дагы төртөөнүн документтерин калыбына келтирүү иш-аракеттери жүрүп жатат. 

“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин маалыматына караганда, идентификация иштери жүрүп жатканына байланыштуу документтерди калыбына келтирүүгө кошумча убакыт талап кылынат. 

Ошону менен катары эле, институт Бишкектин жашоочусу Т.Мга да паспорт алууга көмөктөштү. 

Ал КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага паспорт алууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп кайрылган. 

Т.Мнын жеке турак жайы болбогондуктан эч жерге каттоого турган эмес. Бишкек шаарына жакын Маевка айылында барак тибиндеги бир бөлмөлүү батирди ижарага алып жашайт. Үйдүн ээси аны каттоого тургузуудан баш тарткан. Ал өз сөзүндө, жакын туугандары же тааныштары да жок экенин билдирген. 

Жамиля Жаманбаева бул маселе боюнча Биринчи Май райондук администрациясына кат менен кайрылган. 

Натыйжада, Т.Мны акимиат юридикалык дареги боюнча каттоого алып, ал паспорт алды.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө” жобосуна ылайык, каттоосу жок жарандар жергиликтүү администрациянын, социалдык коргоо органдарынын же кайрымдуулук уюмдарынын дарегине каттоого тура алышат. Мындай жарандарга паспорт берүү үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан төлөнөт.

Айта кетсек, 2024-жылы Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери өлкө боюнча 11 социалдык мекемеге барып, анда жашаган карыялардын, майыптыгы бар жарандардын жана психоневрологиялык оорулары бар адамдардын абалы менен таанышкан.

Жыйынтыгында 150 кишиде жеке инсандыгын тастыктаган документтери жок экени аныкталган. 

2024-жылы алардын ичинен 30дан ашуун жарандын документтери калыбына келтирилген.

Мындан тышкары, институт Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдардын укуктарынын сакталышын да дайыма көзөмөлдөйт.

2024-жылы мындай мониторингдин алкагында 742 соттолгон жаранда паспорттору жок экени белгилүү болгон.

Институттун кызматкерлери тиешелүү кызматтарга кайрылып, биргелешкен иш-аракеттердин негизинде алардын ичинен 631 соттолгон жаран паспорт алган.

Өткөн жылы жалпы жонунан жарандык алуу, паспорт жана күбөлүк берүү маселелери боюнча Акыйкатчы Институтуна 99 кайрылуу түшкөн