Акыйкатчы институту эки жашар Егордун сабалышы боюнча соттук процессти тынымсыз көзөмөлдөп турат

21/06/2022 - 11:36

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда  эки жаштагы Егордун сабалышы боюнча өтүп жаткан соттук отурумга байкоо жүргүзүүдө. Егор атасынын иш берүүчүсү А.Самаркин аттуу жаран тарабынан сабалган. 

Акыйкатчынын ыйгарым укуктарына ылайык, маселенин процессуалдык жагы, атап айтканда баланын натыйжалуу сот адилеттигине болгон укугу канчалык деңгээлде сакталып жатканы көзөмөлгө алынат.  Акыйкатчы Атыр Абдрахматова баланын бузулган укуктарын коргоо ар бир мамлекеттик органдын өзгөчө коргоосунда болушу керектигин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ишке ашырылып жаткан адамдын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөлдүн артыкчылыктуу багыты экендигин баса белгилейт.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери эки жашар Егордун сабалышы боюнча соттук отурумдардын жүрүшүнө соттун акыркы чечими чыкканга чейин көзөмөл кылышат.