Акыйкатчы институту бир жактоочунун лицензиясын жокко чыгарууну өтүнөт

21/12/2021 - 12:00

Бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган соттолуучу Р.Т., Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратына анын кылмыш ишин кароодо Панфилов райондук сотунун отурумуна мониторинг жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган.

03.12.2021-жылы болуп өткөн сот отурумуна мониторинг жүргүзүүдө соттолуучу Р.Т. жактоочусу- К.Ж. Раимкулов соттук отурумга алкоголдук ичимдик ичип, мас абалында келген (ал тайсалдап, андан спирттин кескин жыты чыккан). Бул факты боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкери тарабынан акт түзүлүп, актыга сот процессинин 14 катышуучусу кол койгон.

КР Акыйкатчы институту жактоочу К.Ж. Райымкулов Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын кесиптик этика кодексинин талаптарын, тактап айтканда, 3.6-пунктунда “адвокат юридикалык жардам көрсөтүүдө жүрүм-туруму мыйзамдын талаптарына, моралдык жана этикага ылайык келүүгө тийиш” деген талаптарын одоно бузган. Алкоголдук мас абалында сот отурумунда болуу моралдык жана этика нормаларына туура келбейт. Мындан тышкары, бул жактоочу адвокаттардын кесиптик этика кодексинин башка нормаларын бузган – мас абалында соттолуучуга өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтө алган жок, унчукпай макулдук берүү менен чектелди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө мыйзамына ылайык, Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясынын этика боюнча комиссиясына кайрылып, адвокат Раимкулов Канат Жолдошбековичке карата тартиптик өндүрүштү козгоп, тартип  жоопкерчилигине тартып, анын адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензиясын жокко чыгаруу боюнча сунушун жөнөттү.

Бул маселе КР Акыйкатчысынын Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат.