Акыйкатчы Институту атуулдук тарбия маселелерине көңүл бурат

07/03/2019 - 12:33

7-март күнү КР Акыйкатчысы Т.Мамытов эмгек ардагери, мурдагы орус тили жана адабияты мугалими Сабира Бейшеева менен жолукту. Сабира эже көп жылдар бою республиканын бир катар мектептеринде жана кесиптик-техникалык окуу жайларында жаш муундаргабилим к берип келген. Бир нече күн мурда ал Акыйкатчынын наамына кайрылуу жолдоп, мамлекеттик деңгээлде “Окуучу күнүн” белгилеп, жыл сайын мектепте өткөрүү керек деген сунушун жолдогон эле.

Акыйкатчы Токон Мамытов белгилегендей,  Сабира Бейшееванын кайрылуусунда өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон берки 25 жылдан ашуун убакыттан бери билим берүү тутумунда атуулдук маселелери көз жаздымда калып келүүдө, атуулдук сезимди чыңдоону билим берүү менен айкалыштыруу маселеси курч бойдон турат. Акыйкатчы бул маселени КР Элге билим берүү жана илим министрлиги менен талкуулоо ниетинде.

Жолугушуунун аягында КР Акыйкатчысы  арыз ээсин –Эл аралык аялдар күнү менен куттуктап, гүл десте тартуулады.