Акыйкатчы институту адам укуктарын коргоодо Конституциялык сот менен тыгыз иш алып барат
Бүгүн Омбудсмен аппарат кызматкерлери «Конституционализмдин жайкы мектеби» аттуу практикалык окуудан өттү.
Практикалык окутууну Кыргыз Республикасынын Конституциялык соттун төрагасы
Осмонбаев Э.Ж., соттун аппаратынын кызматкерлери алып барды.
"Мекенибизде жеке инсандын же топ жарандарыбыздын укуктарын коргоодо же калыбына келтирүүгө, адам укуктарын так сакталышына көмөктөшүүдө Акыйкатчы, аппарат кызматкерлери мамлекет башкаруу, чечим чыгаруу (өзгөчө соттор, укук коргоо органдары тарабынан) системасынын көп мүчүлүштүктөрүн табабыз.
Улуттук укук коргоочу орган катары, адам укуктарын ашырууда тоскоолдук жараткан же дискриминация (теңсиздик) кылган мыйзамдардын беренелерин, талаптарын Конституциялык кепилдиктерге каршы келгендерди жокко чыгаруу боюнча ишибизди башташ үчүн КРнын Конституциялык соту менен бирге практикалык окуу өткөрдук"-деди Акыйкатчы Атыр Абдрахматова.
Бул окууну "Адилет укуктук клиникасы" коомдук фонду уюштурду.