Акыйкатчы институту адам укуктарын чагылдыруу үчүн өзүнүн видеостудиясын ачты

03/03/2022 - 15:35

БУУӨП Акыйкатчы институтунун (Омбудсмен) кеңсесинде укуктук колдоо, маалымат, ошондой эле адам жана жарандардын укуктарын коргоо жана илгерилетүү боюнча ыкчам жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн видеостудия ачууну колдоп берди.

Видеостудияда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери, ошондой эле институттун ишмердүүлүгү боюнча көрсөтүүлөрдүн циклдери даярдалат да, андан соң алар өнөктөш телеканалдарда, институттун сайтында жана социалдык тармактарда жайгаштырылат. Бул Акыйкатчы институту менен жарандардын ортосундагы эки тараптуу байланыштын натыйжалуулугун арттырат.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова колдоо көрсөткөнү үчүн БУУӨПкө ыраазычылык билдирип, ар бир жарандын адам укуктары боюнча маалыматка жетүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү: “Маалыматтуу – демек куралдуу”, башкача айтканда, Акыйкатчы институту ушул студия аркылуу өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде укук маселелерин активдүү чагылдыра алат. Баса белгилей кетчү нерсе, адам укуктары бузулган, же, ушул жаатта илимий изилдөө жүргүзгөн жарандар “Акыйкат үнү” видеостудиясын акысыз, белгиленген тартиптин негизинде колдоно алышат. Видеостудия Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абалды жакшыртууга жардам берет деп ишенем”.

Важно отметить, что граждане чьи права нарушены, либо лица осуществляющие исследовательскую, образовательную деятельность в сфере прав человека могут использовать видео-студию Института акыйкатчы на безвозмездной основе, в соответствии с утвержденным порядком. Естественно не нарушая прав и интересов третьих лиц.

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты: “Атыр Абдрахматова айымды Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына дайындалышы менен Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын атынан чын жүрөгүмдөн куттуктайм жана анын маанилүү ишинде ага чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Адам укуктары боюнча көз карандысыз улуттук институт катары түзүлгөндөн бери БУУӨП Акыйкатчы институту менен адам укуктары боюнча улуттук күн тартибин илгерилетүү үчүн кызматташып келе жатат.

Жарандык билим берүүнү жана укуктук мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү үчүн коомчулуктун жеткиликтүүлүгүнүн жана маалымат эркиндигинин маанилүүлүгүн моюнга алуу менен, муну биз азыр 40тан ашуун өлкөдө жасап жаткандай эле, 2030 күн тартибинде белгиленгендей, адам укуктары улуттук туруктуу өнүгүүнүн өзөгү болушун камсыз кылуу үчүн БУУӨП улуттук адам укуктары институттарына көмөк көрсөтүүнү уланта берет деп ишендирүүгө уруксат этиңиздер”.

Кыргызстандагы БУУӨП Конституцияда кепилденген адам укуктары менен эркиндиктерин жана Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди коргоого багытталган юридикалык жардамды өз убагында көрсөтүү максатында Акыйкатчы институту (Омбудсмен) менен активдүү кызматташууда. 2021-жылы «Акыйкатчы-бот 115» Telegram месенжери ишке киргизилди, ал аркылуу өлкөнүн тургундары Акыйкатчыга эң көп берилген суроолор боюнча маалымат алып, өздөрүнүн кайрылууларын онлайн түрүндө калтыра алышат.