Акыйкатчы институту 2 жашар кыздын өлүмү боюнча экспертизаны бурмалаганга жол бербейт

22/05/2019 - 15:40

Акыйкатчы институту 2 жашар кыздын өлүмү боюнча экспертизаны бурмалаганга жол бербейт-деп  Акыйкатчынын борбордук аппаратынын  Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Наиля Токтосунова «АКИpress» маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, 2019-жылдын 7-майында Жалал-Абад облусттук ооруканасынын реанимация бөлүмунө  2 жашар кыз оор абалда келип түшкөн. Дарыгерлер кыздын сүйлөй дагы, ыйлай дагы албаган абалда келип жаткырылганын айтышкан. Кызды текшерип, кароодон өткөргөн соң ага “баш мээсинин алган жабык жараты,  баш мээсинде шишиги жана теринин алдында уюган кандар бар” деген  диагноз коюшкан. 

 20-майда кыздын чарчап калганы белгилүү болгондо, Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыял Токтобаева жана башка кызматкерлер кыздын жашаган жерине барышкан, бирок кыздын апасынын психикалык жана эмоционалдык абалы начар болуп, эч ким менен сүйлөшкүсү келбегендиктен, аны менен  жолукканга мүмкүнчүлүк болгон эмес.  

Акыйкатчынын борбордук аппаратынын өкүлү билдиргендей, алар аталган облустун прокурору жана милиция кызматкерлери менен жолугушуп, аларга, эгерде соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары кандайдыр бир күмөн жаратса же иш создуктурулса, анда Акыйкатчы институту КР мыйзамдарына  жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык, кыздын сөөгүн казып, кайрадан экспертиза кылууну талап кылабыз –деп билдиришкен.

-Учурда биз судмедэксперттердин расмий корутундусун күтүп жатабыз, ошондон кийин гана тиешелүү кадамдарды жана иш-аракеттерди жасайбыз,-деди Н. Токтосунова.