Акыйкатчы Институнун кызматкерлери Нарындагы убактылуу кармоочу жайга мониторинг жүргүздү
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыйноолордун алдын алуу иштеринин алкагында шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кармоо шарттары боюнча бузуулар аныкталган.
Убактылуу кармоочу жайдын бардык камераларында жылуулук берүүчү түйүндөрүнүн сырттары ачык, терезелерде торчолор жок, кол жуучу жердин жана даараткананын тосмолорунун бурчтары курч кырдуу болуп, кармалгандардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда.
Бир камерада суу түтүгү жарылып кеткендигине байланыштуу ичин суу каптап, лампасы дагы жок болгондуктан караңгы болуп турган.
Желдетүү системасы жок болгондуктан абанын нымдуулугу жогору болуп, дубалдардын шыбагы түшө баштаган.
Камералардын эшиктеринде да чектөөчү тосмо жок. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаал болгон учурда колдонулуучу коопсуздук сигналы (тревожная кнопка) орнотулган эмес.
Мониторинг учурунда укук бузуу камерасында Д.М. жана Ү. у. А. аттуу 2 киши үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кармалып турган.
Жалпысынан Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында 4 камера бар, анын бири аялдар үчүн.
Жогоруда айтылган мыйзам бузуулардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 4 жана 10-беренелерине ылайык, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине көңүл буруу актысы жөнөтүлдү.
Ал эми, Нарын ОИИБдин Акыйкатчы Институтуна берген жообунда Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тапшырмалар берилгенин маалымдады.