Акыйкатчы Human Rights Watch (HRW) Европа жана Борбордук Азия боюнча аткаруучу директору Хью Виллиамсты кабыл алды

30/05/2019 - 15:08

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюмунун  Европа жана Борбордук Азия боюнча аткаруучу директору Хью Виллиамсты жана HRW кеңсесинини Бишкектеги улуттук өкүлү Айчүрөк Курманбекованы кабыл алды (Human Rights Watch – 70тен ашуун өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу тууралуу байкоолорду жана иликтөөлөрдү жүргүзгөн эл аралык укук коргоо уюму).

Жолугушуунун жүрүшүндө Акыйкатчы Омбудсмен институнун ишмердүүгүнүнүн артыкчылыктарын жана негизги багыттарын айтып берип, кызматкерлерге калыстык, ачыктык, чынчылдык жана маселени алдын-ала билүү талаптары коюлганын белгилеп өттү. Андан соң Токон Мамытов менен Хью Виллиамс аялдардын жана балдардын укуктарын сактоого жана коргоого байланыштуу маселелерди, аларды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактап калуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өз кезегинде HRW Европа жана Борбордук Азия боюнча аткаруучу директору Human Rights Watch ишмердүүлүгү, аялдардын жана балдардын укуктары боюнча өзүнчө жана жалпы маалымат берип, аларга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун, агрессиянын саны өсүп баратканына тынчсыздануусун билдирди.

Ушуга байланыштуу аталган эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлдөрү HRW “Кыргызстан: аялдардын жана кыздардын коопсуздугун камсыз кылууда кысым көбөйүп баратат” аттуу тематикалык билдирүүлөрүн (отчётторун) КР Акыйкатчысы таанышуу үчүн беришти. Анда аялдарга жана кыздарга карата зомбулук; КР мыйзамдарындагы жана укук колдонуу тажрыйбасындагы өксүктөр, атап айтканда, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү  жана диний ырым-жырымдар менен үйлөнүү мыйзамдары; коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу; КР жардам көрсөтүү кызматтарынын тартыштыгы; Коргоо ордерлери жана адилеттүүлүккө жетүүгө тоскоол боло турган жазасыздык жана башка факторлор тууралуу жазылган.

Акыйкатчы HRW өкүлдөрүнө берилген маалыматтар үчүн ыраазычылык айтып, адамдын жана жарандын укуктарын коргоо тармагындагы Human Rights Watch Бишкек кеңсеси менен бирдикте Акыйкатчы институту жемиштүү иш-аракеттерди жүргүзүүгө  кызыкдар экенин билдирди.