Акыйкатчы Екатеринбургдагы убактылуу кармоо борборунда турган кыргыз жарандары менен баарлашты

30/05/2025 - 17:12

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева Россияга болгон иш сапарынын алкагында Екатеринбург шаарындагы чет элдиктерди убактылуу кармоо борборуна да барды. Борбордо соттун чечими менен депортацияланышы керек болгон жарандар кармалууда.

Акыйкатчы аталган мекеменин жетекчиси Сергей Кононов менен кармалгандардын жашоо шарттары тууралуу маектешти. 
29-майга карата аталган борбордо сегиз кыргыз жараны бар. Жамиля  Жаманбаева  менен болгон маектешүүдө алар кармоо шарттарына нааразычылыгын билдиришкен жок. Көпчүлүгүнүн учакка билети бар жана жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтышат. 

Мындан тышкары, Акыйкатчы  Свердлов облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Мария Якушева менен да баарлашты.

Мария Якушева кыргызстандыктардын маселелерин чечүүдө кызматташууга жана жардам берүүгө даяр экенин билдирди.