Акыйкатчы Екатеринбург шаарында өткөн III Эл аралык аялдар форумуна катышты

02/06/2025 - 15:02

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Екатеринбург шаарында өткөн III Эл аралык аялдар форумуна катышты. 

Форум “Биримдик. Макулдашуу. Өнүгүү” деген ураан алдында өтүп, 4 миңден ашуун катышуучуну чогултту. 

Форумда ар кайсы өлкөлөрдөн келген лидер аялдар, укук коргоочулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер сөз сүйлөштү.

Иш-чарада аялдардын экономикада, саясатта, маданиятта жана социалдык чөйрөдө ээлеген орду, ошондой эле демографиялык көйгөйлөр жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо маселелери талкууланды.

Жамиля Жаманбаева «Кыргызстандагы аялдардын укуктары: тарых, заманбап чакырыктар жана Акыйкатчы Институтунун ролу» деген темада доклад менен чыгып сүйлөдү.

Кыргызстан акыркы он жыл аралыгында ар бир адам жынысына карабастан бирдей укуктарга, мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон инклюзивдүү коомду түзүүгө умтулуп жатканын баса белгиледи.

“Аялдар биздин элдин тарыхында ар дайым өзгөчө роль ойноп келишкен — тарыхый инсандардан тартып, азыркы саясатчыларга, окумуштууларга жана укук коргоочуларга чейин. Курманжан датка жана Роза Отунбаева сыяктуу  аялдардын ысымдары кыргыз эли аял лидерлерин терең урматтап, колдоп келгенин айгинелейт. Бул мисалдар бизди тең укуктуулук жана адилеттүүлүк жолунда алдыга жылууга шыктандырат”, — деди Акыйкатчы.

Ошондой эле, Жамиля Жаманбаева Кыргызстандагы аялдардын укуктарын өнүктүрүүнүн  тарыхына токтолуп, өлкө аялдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдык базаны бекемдөөнү улантып жатканын айтты.

Кыргызстан 2003-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча мыйзамды Борбор Азияда алгачкылардан болуп кабыл алган. Ал эми 2007-жылдан тартып шайлоо мыйзамына гендердик квоталар киргизилген.

“Кыргызстан 2024-жылы Эл аралык эмгек уюмунун № 190 Конвенциясын ратификациялаган аймактагы биринчи мамлекет болду. Ошондой эле аялдар ишкерлигин колдоо боюнча мыйзам кабыл алынды. 2025-жылы күчүнө кирген жаңы Эмгек кодекси аялдарга айрым тармактарда эмгектенүүгө тыюуну алып салды, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга гана чектөөлөр калды”, — деп белгиледи Акыйкатчы.

Ошону менен катары эле, Жамиля Жаманбаева аялдар жана балдардын укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгү, укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү жана адам укуктарынын баалуулуктарын коомдо бекемдөө боюнча иштер тууралуу айтып берди.