Акыйкатчы эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

31/08/2022 - 11:36

Атыр Абдрахматова: 

Урматтуу мекендештер! 

Биз эркин жана бакубат өлкөнүн жарандарыбыз. Ата-бабалар биз үчүн кан-жанын аябай, кыргыз жерин таберик кылып калтырып кеткен. Биз да аны урпактарга улантып, татыктуу өткөрүп бериш үчүн, кыргыз жеринин жаратылышын, тоосун, суусун, гүлүн, дарагын, кыргыз элинин духун, рухун, баалуулуктарын көздүн карегиндей сакташыбыз милдет.  

Тарыхыбыз тастыктагандай, эгемендүүлүк бир жылдары кыргыздардын кыялы болгон. Андыктан азыркы эркиндигибиздин баркына жетип, калыстыкты, акыйкаттуулукту туу тутуп, мындан ары да мамлекетибизди чыңдап, эл аралык аренада абройубузду бекемдешибиз керек. 

Биздин эл демократия принциптерин карманат, сөз, ой эркиндиги кыргыздын канында бар. Кыргызстан сөз эркиндиги жана демократия деңгээли боюнча эл аралык рейтингдерде Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу алдыңкы орунда. Бул туура баамдоо. Дүйнөгө биз күчтүү жарандык коому бар, кыйынчылык убакта бириге калган артыкчылыгыбыз менен таанылган элбиз. Ошентсе да акыркы күндөрү маалымат каражаттарын көзөмөлдөө, сөз эркиндигин чектөөгө болгон далалаттар тынчсыздандырат. Атасак: жарандык коомдун өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштеринин көбөйүшү, активисттер Ураимов Мирлан, Айжан Мырзан жана Мыктыбек Адилет Али, Ырыс Жекшеналив, К. Рузиевдин иштери, ошондой эле “Азаттык” медиасынын жетекчиси Айзада Касмалиеванын суракка чакырылышы, 24-кж сайтына бөгөт коюлушу, Next TV каналынын жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин камалышы, журналист Болот Темировду, төкмө акын Болот Назаровду камоого болгон аракеттер, Семетей Талас уулуна кылмыш ишин козгоо аракети, жарандык активист Тилекмат Күрөңовду бийликти басып алууга чакырык кылды деп бир пост менен камалып кетиши, Жалал-Абад облусунун теле каналынын мурдагы директору Куттумидин Базаркуловдун камалышы. 

Биз бир эл, бир мамлекетпиз. Ар бир кыргыз атуулунун максаты- мамлекеттин эркин өнүгүшү. Эл арасынан айтылган сын-пикир, ар түркүн көз-караш-ар бир мамлекеттик кызматкердин ишин жакшыртууга, сапатын жогорулатууга эң сонун мүмкүнчүлүк катары кабыл алынышы керек. Ошол эле учурда ар бир кыргыз жаранынын милдети тактык, калыстык, адилеттүүлүк. Ар бир жаран жоопкерчиликтүү иш-аракетти өзүнөн баштаганда гана биз таза, эркин, эгемендүү коомду түзөбүз жана күчтүү Мекенибизди урпактарга мурас кылып калтыра алабыз.  

Урматтуу, замандаштар! 

Өзүмдүн жана Акыйкатчы Институтунун жалпы жамаатынын атынан эгемендүүлүк майрамыбыз менен куттуктайм!  

Арабыздан ынтымак кетпесин, асманыбыз дайыма ачык болсун. Баарыбыз бакубат турмушта жашайлы. Ар бирибиз мамлекетке кошкон салымыбыз менен сыймыктанышыбызды каалайм!