Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева жарандарды жеке кабыл алды

26/05/2023 - 10:17

Акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон жарандар алардын жеке менчик укугу, эркиндикке карата укуктары бузулганын айтып даттанышты. Ошондой эле көзөмөл органдары жана укук коргоо органдары тарабынан жасалып жаткан аракетсиздигине арызданган жарандар да кайрылышты.

Укук коргоочу Камиль Рузиев Акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон кезде анын укуктарын калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды. Негизинен, Рузиев адилеттикке жана мыйзамсыз кылмыш иликтөөсү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жазалоого жетише албай жатканын айтты.

Анын маалыматына караганда, ага каршы мыйзамсыз иш козгогон тарапты кылмыш жоопкерчилигине тартышкан эмес, болгону тартип чарасы гана колдонулган.  

Рузиев сот аны актаганын, ал эми азыр аны мыйзамсыз тергеген адамды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып жатканын кошумчалады.

Акыйкатчы бул боюнча институттун тиешелүү бөлүмүнө мамлекеттик органдарга зарыл болгон билдирмелерди даярдоону тапшырды.

“Мен сиздин кейс боюнча ар бир документти изилдеп чыктым. Кандай  жардам берүү керектигин түшүндүм. Азыр биз зарыл болгон документтерди даярдайбыз. Биз сизге жардам берүүгө аракет кылабыз”,-деп убада берди Акыйкатчы.

Ошондой эле Акыйкатчыга Ш. К. аттуу жаран кайрылды. Ал башкы укук коргоочуга ага карата кыйноо көрсөткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууга жетише албай жатканын билдирди.

Акыйкатчы анын укугун коргоону камсыздаш үчүн бөлүмгө тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон Л. М. аттуу жаран анын жер үлүшүн башкалардын тартып алганы тууралуу арызын карабай жаткан милиция кызматкерлерине арызданды.

Аялдын айтымында, анын “кызыл китеби” бар жеке менчик жер участогуна белгисиз адамдар жер ээсинин уруксаты жок эле балык чарбасын уюштуруп алышкан. Анын аймакты бошотуп коюу тууралуу мыйзамдуу талаптарынан кийин коркутуулар башталган. Аял милицияга арыз жазган, андан бери 10 күн өткөнүнө карабай жер участогун бошотуу аракети болгон эмес.

Джамиля Джаманбаева кызматкерлерге аталган маселени иликтеп чыгып жана тиешелүү органдардан аялдын жеке менчик укугун камсыздоону талап кылууну тапшырды.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусуна Ички иштер министрлигинин ардагери К.Ч. келип, Нарын областындагы мектеп рэкетин жоюу боюнча өз көз карашын билдирди.

Акыйкатчы ардагердин пикирин кунт коюу менен угуп жана Акыйкатчы институту ар бир маселе жана арыз-даттанууларга анализ жүргүзөөрүн жана ар бир маселеге системалык өзгөрүү киргизүүнү сунуштарын белгилеп өттү.

“Биз ар бир маселе менен иштейбиз, аларды системалык деңгээлде чечебиз. Маселени жалпылап жоюу үчүн кандай мыйзамдарга өзгөртүү киргизиш керектигин иштеп чыгабыз”,-деп айтты Джаманбаева.