Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева жарандарды жеке кабыл алды

02/06/2023 - 10:02

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жарандарды жеке кабыл алды.

Акыйкатчынын кабыл алуусуна келген жарандар алардын укуктары бузулуп жатканын айтып даттанышты.

Кабыл алууга келген 70 жаштагы Л. Т. көп жылдан бери анын кайын энесинин көрүстөнүн издеп акыйкаттыкка жете албай жатканын айтып даттанды. Ошондой эле ал Акыйкатчыдан кайын энесинин өлүмүнүн  себептерин аныктоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Л. Т.нын айтымында, ал көп убакыттан бери кайын энесинин көрүстөнүн табуу максатында жана тиешелүү мамлекеттик органдар анын өлүмүнүн чыныгы себептерин аныкташы үчүн баардык инстанцияларга кайрылып келе жатат.

“Менин кайын энемдин өлүмү тууралуу биз жарым жылдан кийин гана билдик. Бизден өлүмдүн фактысын жашырып коюшкан. Эмдигиче  кайын энем коюлган жерди таба албай жатабыз. Өлүм жөнүндө маалым катта жалган маалыматтар көрсөтүлгөн, ага кол койгон тараптар жазасын алышты”,-деп айтты ал.

Укук коргоо органдары берген маалыматка таянсак, аялдын сөөгү коюлган жер такталган, ошондой эле анын тажиясына кимдер катышканы аныкталган.

Бирок Л. Т. көрсөтүлгөн жер анын кайын энеси коюлган жер экенине шек санап жатат, анткени улгайган аял Бишкектеги өзүнүн жеке  менчик батиринде жашачу, бирок анын сөөгүн Жайыл районуна коюшкан.

“Мындан тышкары тергөө мени жана менин кызымды жабырлануучу тарап деп тааныган жок жана сөөктү эксгумация кылуудан баш тартышты”,-деген пикирин айтты аял.

Акыйкатчы Башкы прокуратурага өтүнүч кат даярдаш үчүн тиешелүү бөлүмгө тапшырма берди.

“Биз сиздерге өзүбүздүн ыйгарым укуктардын алкагында көмөк берүүгө аракет кылабыз”,-деп айтты Акыйкатчы.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусуна келген Э. Р. аттуу жаран ага карата жалган маалымат берүү фактысы боюнча анын укугун калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылды.

Аял ага карата берилген жалган маалыматтын айынан 2014-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтты.  2021-жылы сот аны актап чыккан. Бирок ал атайлап билип туруп жалган маалымат берген күнөөлүү тараптарды жоопкерчиликке тартууга жетише албай келет. 

“Мени сот кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу актады. Бирок бүгүнкү күндө мага жалаа жапкан, алар үчүн мен мыйзамсыз кылмыш жообуна тартылган адамдарды жазага тарта албай келем. Прокуратура органдары жана соттор менин арызымды чечип бербей жатышат”,-деп даттанды аял. 

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту анын укуктарын калыбына келтирүүгө аракет кыларын билдирди.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусунда  Н. К. аттуу жаран болду. Аял анын арызын милиция карабай жатканын айтып даттанды.

Анын айтымында, алдамчылар башкы ишеним катты жасалма даярдап алышып, анын үч бөлмөлүү квартирасын сатып жиберишкен. Аял укук коргоо органдарына аталган маселе боюнча кайрылган, бирок эмдигиче өзүнүн мүлкүн кайтарып ала албай келет.

“Алдамчылар башкы ишеним катты жасалма жасап алышкан жана менин квартирамды сатып жиберишкен. Алар менин онкологиялык дарттан дарыланып жатканымдан пайдаланып кетишкен. Бейтапканада узак убакыт жатып чыккандан кийин менин батиримде башка адамдар жашап жатышканына күбө болдум. Алар мени эшикке чыгарып салышты. Ошентип батири жок калдым. Өзүмдүн жеке менчигимди мыйзамдуу жол менен кайтарып алуу аракетинен майнап чыккан жок. Көп жылдардан бери баардык органдардын каалгасын каккылап жыйынтык чыгара албай келем”,-деп айтты аял. 

Акыйкатчы институттун кызматкерлерине мамлекеттик органдарга баардык зарыл болгон билдирме каттарды даярдоону тапшырды.

 “Биз сиздердин укуктарды калыбына келтирүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз”,-деп айтты Акыйкатчы.