Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчи-кичи элчиси менен жолугушту

30/05/2023 - 10:09

Бүгүн, 30-майда КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчи-кичи элчиси Вадим Гусев менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүнү талкуулашты.

Вадим Гусев Джамиля Джаманбаевага анын КРнын Акыйкатчысы кызматына дайындалышына байланыштуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченконун куттуктоосун да жолдоду.

“Элчи куттуктоосун жолдоду жана кызматташтыктын өнүгүүсү жемиштүү болот деген ишенимин билдирди. Ошондой эле сизди 12-июнда Бишкекте өткөрүлө турган Россиянын күнүн майрамдоого катышууга чакырды”,-деп билдирди Гусев.

Гусев Акыйкатчы укук коргоо жаатындагы ишмердүүлүгүн Кыргызстанда гана эмес, Евразия мейкиндигинде дагы күчтөндүрөт деген ишенимде экенин айтты.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту активдүү диалогго ар дайым даяр экенин белгилеп өттү.

“Жарандардын укуктарын коргоону камсыздай турган конструктивдүү сүйлөшүүлөр үчүн ар дайым кубанычтабыз. Биз кызматташтыкты мындан ары чыңдаш үчүн конкреттүү макулдашууларга жетишебиз деп ишенем”,-деди КРнын Акыйкатчысы Россиянын күнүн майрамдоого байланыштуу чакырууга ыраазычылык билдирүү менен.