Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева нефрология бөлүмүндөгү балдар майрамына катышты

06/06/2023 - 09:55

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун нефрология бөлүмүндө өткөн балдардын майрамына катышты.

Аталган бөлүмдө дарыланып жаткан балдар үчүн «Моя жизнь» коомдук бирикмеси балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараны уюуштурган.

«Моя жизнь» уюмунун кызматкерлери сыйкырдуу суу перилеринин образында балдар үчүн оюн формасындагы жомокту даярдашкан.

Импровизацияланган сыйкырдуу сандыкта көзүн таңып алышкан балдар оюнчуктарды таап жана алардын кандай оюнчук экенин баамдап туюп айтып беришти. Бул тапкычтыктары үчүн албетте, аларга демөөрчүлөрдөн белектер берилди. Бир дагы бала белексиз калган жок.

Бөлүмдө майрамга абдан жакшы даярданышкан - бөлүмдү таанылгыс кылып жасалгалашкан, баардык тарап шарлар менен кооздолуп, ал эми кичинекей кыздар жана алардын ата-энелери көпөлөктөрдүн түркүн-түстүү жаркыраган канаттарын тагынып алышкан. Балдар конокторду мультфильмдердин каармандарынын сүрөттөрү жана шөкөттөрү менен өздөрүн кооздоп алышып тосушту.

Джамиля Джаманбаева балдардын ушундай сүйкүмдүү майрамынын коногу болду. 

Ал балдарды майрамы менен куттуктап жана белек берүүгө катышты.

“Сиздердин жалпыңыздарга амандашып жана Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чарага чакырганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер!

1-июнь биз үчүн быйылкы жылдагы эң сүйүктүү күндөрдүн бири болуп калды жана бул күн салттуу болуп калгандай ата-энелер милдетүү түрдө балдарына арнай турган эң эле жагымдуу үй-бүлөлүк майрамга айланды.

Биздин өлкөнүн укук коргоочусу катары мен биринчи кезекте 1-июнь-бул Эл аралык балдарды коргоонун күнү экенине өзгөчө көңүл буруп кетмекчимин.

Бул күн биздин балдар коргоого муктаж болуп жатканына көңүл бурууга чакырык таштаган күн. Ошондой эле ата-энелерге, балдарга жана баардык коомчулукка балдардын жашоосу менен ден соолугуна, алардын билимине жана коопсуздугуна кам көрүүгө, жаш муундун бактылуу келечеги тууралуу эскерткен күн.       

Өсүп келе жаткан муунга ар тараптуу жагымдуу шарт түзө билүү биздин мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп келген жана боло бермекчи.

Мындан тышкары баланын укуктарын коргоо маселеси мамлекеттик бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын жана Акыйкатчы институнун ишмердүүлүгүнүн маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калды.

Биз тараптан балдардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо жана аны ишке ашыруудагы өзгөчө көңүл жетим балдарга жана ата-энесинин кароосунан ажырган балдарга, майыптыгы бар, саламаттыгынан көйгөй жаралган балдарга, мигранттардын балдарына, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балдарга бурулуп жатат.

Мындан тышкары быйыл Акыйкатчы институту гемодиализ алган бейтаптардын саламаттыгын коргоого өзгөчө көңүл бурууда. Бүгүнкү күндө республиканын баардык аймактарындагы гемодиализ борборлорунда талап кылынган тармактык стандарттардын сакталышы, медициналык процедуралардын коопсуздугу боюнча инфекциялык көзөмөлдүн стандарттарынын сакталышы, клиникалык көрсөтмөлөрдүн сунуштамаларын жана гемодиализ жүргүзүү боюнча протоколдордун сакталышы боюнча предметтерге мониторинг жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыктары тууралуу кортундуну биз тиешелүү мамлекеттик саламаттыкты сактоо органдарына сунуштайбыз.

Бул сонун күндө мен биринчи кезекте сиздерге бекем ден соолук, тез арада сакайып кетүүнү каалайм. Акылдуу, чынчыл жана мээримдүү болуп чоңойгула, жетишкендиктериңиздер менен бизди кубанткыла. Ар дайым асманыңар ачык болсун жана тынчтык болсун.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып бул жолугушуунун уюштуруучусу болгон "Моя жизнь" коомдук бирикмесине, демөөрчүлөргө, Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун медициналык кызматкерлерине бүгүн балдарга жылмаюу тартуулашканы үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди Акыйкатчы.

Нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева аталган бөлүмдө бөйрөк ооруларынан 21 бала дарыланып жатканын, алардын үчөө гемодиализ алып жатышканын айтты.

Майрамдан кийин Насира Бейшебаева Акыйкатчыга гемодиализ жана трансплантация бөлүмүн көрсөттү. Трансплатация бөлүмүндө дарыланып жаткан, бир аз мурда бөйрөгүн алмаштырган бейтап тууралуу айтып беришти. Анын донору бир тууганы болду. Учурда экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

“Бейтаптардын бөйрөк органдарында олуттуу көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө диализ борборлорунун саны өсүп жатат. Бирок аны менен катарда эле бөйрөктү трансплантациялоо кызматы өскөн жок. Трансплантация боюнча эң жакшы шарттарды түзүү жана калкка бөйрөктү алмаштыруу операциясын көбүрөөк жеткиликтүү кылуу кажет. Ошондой эле Кыргызстанда мындай оперциялар жасалып жатканы жөнүндө маалымат беришибиз керек”,-деди Бейшебаева.