Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева ЕККУ АУДИБдин демократиялаштыруу боюнча департаментинин башчысы менен сүйлөштү

17/07/2023 - 11:06

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун  (АУДИБ) демократиялаштыруу боюнча департаментинин башчысы Константин Вардзелашвили менен сүйлөшүү жүргүздү.

Тараптар адам укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүүнүн маанилүү экенин белгилеп өтүштү.

Сүйлөшүү маалында Джамиля Джаманбаева жана Константин Вардзелашвили КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) конституциялык мыйзам долбоорунун эл аралык стандарттардын, негизинен Париж, Венеция, Белград принциптеринине шайкеш келишинин маанилүү экенин тууралуу пикир алышты.

“Биз сиздердин эксперттердин Кыргыз Республикасы үчүн киргизүүгө колдонуп жаткан, айрыкча биздин өлкөдөгү ченемдик укуктук актыларга укуктук коргоо экспертизасын жүргүзө ала турган биздин улуттук эксперттерди даярдоо боюнча эң  мыкты тажрыйбаларынын кабыл алынышына кызыкдарбыз.

Акыйкатчы институту Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргелешип Акыйкатчы жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын лидерлери тарабынан демилгеленген документ коомдук талкууга коюлду. Биз аталган долбоорду иштеп чыгууда эл аралык стандарттарга, негизинен Париж, Венеция жана Белград принциптерине толук ылайык келүүсүн камсыздоого аракет кылдык. Мыйзам долбоору Акыйкатчынын мандатын күчтөндүрүүнү карайт. Сиздер сыяктуу кадыр-барктуу эл аралык институттардын бүтүмдөрүн алгандан кийин, биз аталган долбоор боюнча кызыкдар тараптарды, анын ичинде жарандык коомду, өкмөттүк эмес уюмдарды кеңири тартуу менен бир катар коомдук уктурууларды уюштурабыз. Биз долбоорду баары колдойт деп ниеттенебиз”,-деп айтты Акыйкатчы.

Ошондой эле Акыйкатчы жакын арада Акыйкатчы институтунун өнүгүү стратегиясы кабыл алынаарын, аны кабыл алууда ЕККУ АУДИБдин ролу маанилүү экендигин айтты.

“Биздин шериктештерибиздин байланыштары Кыргыз Республикасында адам укуктары менен эркиндиктеринин жогорку стандарттарын жана демократиялык баалуулуктарды чыңдоого мүмкүндүк берет”,-деп айтты ал.

Константин Вардзелашвили ЕККУ АУДИБ  Акыйкатчы институту менен тыгыз кызматташууну уланта турганына бекем ишенээрин билдирди.

“Сиздердин институт менен тыгыз жана жемиштүү кызматташабыз, биздин ыйгарым укуктардын алкагында баардык мүмкүн болгон багыттар менен аз ара кызматташууга  кызыкдарбыз”,-деп айтты ал.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорунун эл аралык стандарттарга ылайык келишине эксперттик бүтүм берүүнүн зарылдыгы жөнүндө макулдашты.