Акыйкатчы балдар-интернаттарынын бүтүрүүчүлөрүн социалдаштырууга багытталган меморандумга кол койду

05/10/2020 - 16:05

Бүгүн, 2020-жылдын 5-октябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов жана "Оазис" коомдук кайрымдуулук фондунун төрайымы Мээрим Осмоналиева Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты менен аталган кайрымдуулук фондунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Меморандумда жазылган келишимдерге ылайык, 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керек болгон бир катар иш-чаралар аныкталды. Тактап айтканда, сөз:

интернаттардын бүтүрүүчүлөрүн социалдаштыруу боюнча илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө;

интернаттан  кийин колдоо механизмин кабыл алуу  маселесин талдоо  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлүүчү сунуштамаларды иштеп чыгуу жөнүндө;

бүтүрүүчүлөрдүн балдар интернатынан чыккандан кийин билим алууга жана  социалдык коргоого болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча мониторингди уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө;

интернаттан кийинки колдоо механизмин иштеп чыгуу боюнча КР Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн жана КР ЖК депутаттарынын катышуусунда тегерек стол / конференция уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө;

 балдар интернаттарынын бүтүрүүчүлөрүнүн билим алууга, социалдык коргоого, эмгекке жана турак жайга болгон укуктарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын өкүлдөрү үчүн тийиштүү тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө;

балдардын билим алууга, социалдык коргоого жана турак жайга болгон укуктарын сактоо боюнча балдардын жатак мекемелерин уюштуруу жана мониторинг жүргүзүү жөнүндө болду.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан Меморандумдун аткарылышына жооптуу болуп Акыйкатчы аппаратынын Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү эсептелет.