Акыйкатчы аялдар абагынын кармоо шарттары менен таанышты
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Чүйдүн Степной айылындагы №2 мекемесиндеги соттолгон аялдардын укуктарынын сакталышына жана кармоо шарттарына мониторинг жүргүздү.
Жамиля Жаманбаева мекеменин бардык корпустарын кыдырып чыгып, соттолгон аялдар менен баарлашты.
Абактын аймагында тигүү цехи жана наабайкана иштеп, анда аялдар эмгектенишет. Андан сырткары соттолгондор ашканага, чач тарачка жана дүкөнгө ишке тартылган. Соттолгондор иштөө шарттарына нааразычылыгын билдиришкен жок жана жакында эле эмгек акылары көтөрүлгөнүн белгилешти.
Мониторингдин жүрүшүндө Акыйкатчы аны менен жеке сүйлөшүүнү каалаган кыркка жакын аял менен маектешти. Аларга укуктук кеңештер берилип, арыздары кабыл алынды.
Кайрылгандардын көпчүлүгү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көмөк көрсөтүүнү суранышты. Айрымдары пробация, мунапыс алуудагы кыйынчылыктарга, соттордун негизсиз чечимдерине нааразычылыгын билдиришти. Ошондой эле, Тергөө абагындагы кармоо мөөнөтү туура эмес эсептелип калганын да (Тергөө абагында бир күн эки күнгө саналат) айтышты.
Ал эми, соттун чечимдерине нааразы болгондор Акыйкатчыга юридикалык жардам жана мамлекеттик акысыз жактоочу алууга көмөк сурап кайрылышты.
Эки аял советтик үлгүдөгү паспортторун жаңыртып берүүнү өтүндү.
Алдамчылык беренеси менен соттолгондор келтирилген зыяндын 75 пайызы төлөнмөйүнчө аларга карата пробация жана шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулбай жатканына нааразычылыгын билдиришти.
Аялдардын айтымында, гигиеналык каражаттардан негизинен кир самын гана берилет, калган күнүмдүк турмушта керектелүүчү каражаттарды кээде эле алышат.
Ошону менен катары эле мекеменин аймагында балдар үйү да бар. Учурда ал жерде 5 эне 3 жашка чейинки балдары менен чогуу жашайт. Эң кичүүсүү эки жумалык ымыркай. Энелер бардык зарыл каражаттар менен камсыз экенин билдиришти.
Жазасын өтөп жаткан аялдар дары-дармектердин жетишсиздигин айтышты.
Медициналык пунктта 7 аял дарыланып жатат. Алардын бири 69 жаштагы соттолгон аялдан рак илдетинин 3-стадиясы аныкталган. Ал Акыйкатчыдан ден соолугуна байланыштуу абактан бошотууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.
Учурда мекемеде 18 чет элдик жаран (Казакстан, Индия, Өзбекстан, Тажикстан жана башка) жаза мөөнөтүн өтөөдө. Алар өз өлкөлөрүнө экстрадициялоо маселеси менен кайрылышты.
Жамиля Жаманбаева экстремизм беренеси боюнча соттолгон эки жашы жете элек кыз менен да баарлашты.
Жалпысынан мекемеде 17 жаштан 78 жашка чейинки 292 аял бар. Алардын ичинен: 248и — жалпы режимде, 22си — катуу шарттарда жана 34ү — катуу режимде кармалууда.
Ал эми, Акыйкатчыга түшкөн кайрылуулар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт. Кароонун жыйынтыгы менен сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.
Белгилей кетсек, мониторингдин жүрүшүнө Акыйкатчы менен бирге Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошев да катышты.