Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жалал-Абад облусунун тургундарын онлайн кабыл алды

27/05/2022 - 12:27

27-май күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова Жалал-Абад облусунун тургундарын онлайн кабыл алды. Онлайн кабыл алууда жалпы 47 адам катышса, анын ичинен Ала-Бука районунан 13 жаран, Аксы районунан 4 жаран, Сузак районунан 12 жаран, Базар-Коргон районунан 8 жаран, Ноокен районунан 6 жаран, Баткен районунун Сүлүктү шаарынын 4 жаран катышты.

Жарандарды онлайн кабыл алууда айтылган көйгөйлөр:

1. КР жарандыгын алуу боюнча;

2. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, алимент өндүрүү, жөлөкпул алуу;

3. Турак жай, жер мыйзамдаштыруу;

4. Калкты тейлөө кызматкерлеринин жумушуна, милиция кызматкерлеринин ишине нааразычылык.

Онлайн кабыл алуу маалында көпчүлүк кайрылгандарга Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери, Акыйкатчы өзү да укуктук кеп-кеңеш берип, арыздары алынды.

Кошумча маалымат: Акыйкатчы (Омбудсмен) онлайн кабыл алуусу ар бир айдын акыркы жума күнү өтөт. Кошумча маалымат: +996 (312) 66-32-80 ombudsmankg2022@gmail.com